Орусиянын ЖМКлары Кыргызстандан Орусияга келаткан ири көлөмдөгү контробандалык товар кармалганын жазып чыгышты. Маалыматта: Челябинск облустук бажы кызматы 19 тонна контрафакт кийим-кечек кармаганын, Урал бажысынын басма сөз кызматына таянып бул товарлар Кыргызстандан келатканы айтылат.

Кармалган автоунаада сегиз миң даана кийим болгон. Алардын көпчүлүгүнө «Gucci», «Adidas», «Reebok», «Calvin Klein», «Puma», «Nike» сыяктуу белгилүү дүйнөлүк бренддеги кийимдердин товардык белгиси чапталган. Баштапкы эсеп боюнча бул товарларды сатуудан чыныгы бренд ээлери 12 млн. рубль чыгым тартмак.