Терри Пратчет Англияда 1990-жылдардагы эң көп окулган жазуучу катары эсептелет. Ал 70 китеп жазып, дүйнөнүн 37 мамлекетине тарап, китептеринин нускасы 80 миллионго жеткен. Анын 17 китеби 2003-жылы дүйнө жүзүндөгү эң мыкты жазылган 200 китептин ичине кирген. Фантастикалуу чыгармалар анын хоббиси болгон, анын балдар тууралуу жазылган “Плоский мир” романы эле 50 миллион нуска менен жарык көргөн. Ал илимий-фантастикалык, сатиралык жана тарыхый романдарды жазган. Мына эми ошол Терри Пратчеттин айткандарынан бир үзүм ойлор:


Адамды сатып алууга мүмкүн болсо, ал эч кандай баага арзыбайт…

Кээде эси жок коркоктордон деле кыйын стратегдер чыгышы толук мүмкүн..

Жек көрүү- далысын салып турган сүйүү!..

Душмандар болбойт — алар биз али тааныша элек достор болот.

Кечирүү – тап-такыр унутту дегенге жатпайт…

Адамдын статусу- анын душмандарынын күчү менен эсептелет.

Сен хан болуп шайланган күнү кол чаап, баш ийип таазим кылып куттуктаган жүз адам, сенин башыңды кылыч менен кесүүгө келгенде да, кубаттап кол чаап турарын унутпа!…

Которгон: Бакыт Сейитов, милициянын полковниги.