Орусиялык тележурналист Алексей Прокин өзүнүн репортажында Бишкекти  провинциялык борбор деп атап, кыргызстанды кемсинтип сүйлддү. Анын бул репортады коомчулукта кызуу талкууга түштү.  НТВ каналынын журналисти Бишкекте ШКУ жыйынын чагылдырган.  Ал: «Бишкек провинциялык борбор, же борбордук провинция сыяктуу экенин айта кетиш керек. Ошондуктан, ШКУ жыйынынын катышуучулары бул жакта бир гана күн болушат. Батышка болсо бул шаар америкалык аскерий база бар кезде гана кызыктуу болчу», — деп сүйлөгөн.  Анын бүтүндөй бир мамлекетти минтип кемсинтип сүйлөгөнү үчүн сотко берүүнү да сунуштагандар болууда.  Мына! “Жаманды коногу бийлейт”- деген ушул эмеспи…