ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумаевдин айтымында, «Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар. Бул иш ИИМдин Тергөө кызматында. Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар. Тапшырма берилген»- деп айтып жатат.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-вице-премьер Шамил Атаханов 21-майда кармалган.

Бирок тергөө менен иштешүүгө даярдыгын билдиргени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 7-июнь күнү үй камагына чыккан

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190617/1044731061/atahanov-atambaevge-karshy-korsotmo-berdi.html