Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.       

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт…

                                 (Шайлообек Дүйшеев)

            Адамзат жаралгандан тартып, нечен доорлор өтүп, канча кылымдар бою сууга сиңген кумдай белгисиздикке чөгүп кетпеди дейсиң?.. Адам баласы табигатынан эркин болуп төрөлүп, бирок канчалык жер бетинде саны артып көбөйгөн сайын, ошончолук уюмдашып, коомдошуп, адегенде топ-топ, андан кийин уруу-уруу, айыл-айыл болуп, бара-бара он миллиондогон калк жашаган чоң шаарларды курушту… Буга жараша ар бир топтун, ар бир уруунун, ар бир айылдын, шаарлардын, анан барып мамлекеттин өз эрежелери, мыйзамдары иштелип чыгып, адамзат тартипке, мыйзамга баш ийип жашаганга үйрөндү.

            Жакында Бишкек шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан Кытай Эл Республикасынын Президенти Си Цзиньпиндин эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрү, баяндамалары тууралуу “Си Цзиньпин тарыхты баяндайт” аттуу китеби кыргызчага которулуп, окурмандарга тартууланып отурат. Китепти Си Цзиньпиндин өзү жазган деш да туура эмес болоор. Тагыраагы, КЭР Президентинин өлкө ичинде жана башка мамлекеттерге барганда сүйлөгөн сөздөрүнө Кытай Өкмөтүнүн расмий органы болгон “Жэньмин жибао” гезитинин редакторлору түшүндүрмө берип жүрүп олтурушат.   

            Кытай жол башчысы эмне дейт? Си Цзиньпин дайым эл алдына чыгып сүйлөгөндө, Кытай мамлекетинин тарыхына, каада-салтына, элдин жашоосуна кайрылып, андагы урунттуу окуяларды бийликте турган аткаминерлерге, эл башкаргандарга сабак болуусу үчүн айтаар сөзүнүн башына коюп, андан ары сөзүн улантмайы бар. Анын мунусу, арийне, азыркы жана келечек муун өткөнүбүздү унутпайлы, бизге чейин жашап өткөндөрдүн асыл ойлорунан топтолгон булактан биз да кана ичип, ал булакты кийинки муундарга өткөрүп берели, сөзүмдү угуп отурган аткаминерлер, бийлик башындагылар, ысымы тарыхта калган изги адамдардын жашоо жолунан, өзүнөн элди-жерди бийик койгон асыл сапаттарынан үлгү алгыла дегендегиси чыгаар…

Си Цзиньпиндин баяндарынан:

Болгону бир чака дан же күрүч алдыңбы, болду, сенин жакшы атыңдын жок болгону ошол.

Бул майда тыйын же бир аз акча деп ойлойсуң, а бирок бул – элдин тери менен каны.

Тартууга жез тыйын алсаң, элдин көзүнө эми жез тыйынга да арзыбайсың.

Жыргал жашоо – кадыр-баркыңа келтирген зыяның.

Эгерде мунун баары абийирсиздик менен табылбаган болсо, анда бул байлыктын баары кайдан?

Саясаттын максаты – эл жыргалчылыгын камсыздоо, ал эми эл жыргалчылыгын камсыз кылуу эрежеси анын азаптарына көңүл бурууда турат.

Адилеттүүлүк – тамыр, нравалык тарбиялоо – негиз.

Императордон тартып, жөнөкөй адамга чейин эң башкысы – өзүн-өзү өнүктүрүү.

Аткаминер болуу урмат эмес, кызматтан кетүү уят эмес, абийирсиз аткаминер пайдасыз, аткаминер бардык жерде мыкты болушу керек.

Атүгүл, феодалдык доордо да аткаминерлер бул эрежелерди түшүнгөн, биз, коммунисттер, адеп-ахлак жагынан алардан да бийик болушубуз абзел.

Адегенде өзүңдү-өзүң өнүктүр, андан кийин гана башкаруу менен алек бол.

Убактылуу ийгиликке умтулба!

Кыйкырык эмес, жеке үлгүң менен башкар!

Рабиндранат Тагор Кытайдан кетип баратканда, кайгыруу менен мындай деген: “Менин жан дүйнөм ушул жерде калды”.

Чыныгы дос ал, атүгүл, сенден миң ли алыстыкта турса да, сага жакын…

Тыюу салынган шаардагы алты муун шаан-шөкөттүү жашоо боюнча атаандашты, ысырапкерчиликке жол берилген жылдар династиянын акыркы жылдары болду…

Буюмдарга байланба, өзүңдү-өзүң аяба.

Жоопкерчилик – бул жумушуңду ак ниетиң менен акырына чейин аткаруу.

Эл сени кийинтет, ичинтет, элди алдаба, себеби сен да элденсиң.

Тамчы таш тешет.

Таштай катуу, суудай жумшак бол: таш бекем, ал эми суу ийкемдүү. Бирок акырында суу баары бир таштан жылжып агып өтүп отуруп акыры жеңишке жетет.

Урматтуу окурман! Эгерде КЭР жол башчысынын мамлекетти жумшак акылдын, назик мээримдин жардамы менен башкаруу туурасындагы асыл ойлорунан сабак алгыңыз келсе, “Си Цзиньпин тарыхты баяндайт” китебин сунуштайбыз.

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы