Жаш өткөн сайын адамдын көзүнүн көрүүсү мурдагыдай болбой калат. Көрүүнүн начарлашына эң биринчи эле адамдын ичкен тамагы, жаман адаттары жана албетте экология терс таасирин тийгизет. Ошентсе да көрүүнү кайра калыбына келтирүүгө болот. Филатов Владимир аттуу белгилүү көз доктур көрүүнү жакшыртуу үчүн эң сонун рецепт чыгарган.

Көрүүнү жакшыртуучу суусундук

300 гр бал

500 гр майдаланган грек жаңгагы

100 мл алоэнин ширеси

3 лимондун ширеси керектелет.

Даярдоо ыкмасы

Мындай суусундукту жасоого 2-3 жылдык алоэ гүлүнүн жалбырагы жарайт. Андайга ылдыйкы же орто жагынан кесип алганыңыз оң. Целлофан баштыкка салып муздаткычка 7-8 күн коюп коёсуз. Академик Филатовдун айтуусунда караңгы жана муздак жерде өсүмдүктүн ткандарында биогендүү стимуляторлор көбөйөт. Андан кийин тикенектерин кесип, таза сууга жууп,  майда туурап же блендердин жардамы менен майдалаңыз. Андан кийин марлиден өткөрүп жогорудагы ингредиеттерди кошуп, бирдей консистенцияга келгичекти аралаштырасыз. Жасалган суусундукту күнүнө 3 жолу тамак ичээрге жарым саат калганда 1 чай кашыктан ичип турасыз. Суусундукту муздаткычта сактаганыңыз дурус болот.

Көрүүнү жакшырта турган суусундуктун бир курсу 1-1,5 жума. Мындай курсту 1-2 айда бир кайталап турган жакшы. Эгерде суусундукту андан көп убакыт ичип алсаңыз ичеги-карын ооруларын кошуп алышыңыз мүмкүн.

Кимдерге болбойт?

  • Ичеги-карын ооруларынын күчтүү формасы менен ооругандарга;
  • Бөйрөгү сезгенгендерге;
  • Заара чыгаруучу системасына суук тийгизгендерге;
  • Геморройго;
  • Кош бойлууларга;
  • Кургак учук менен жабыркагандарга аталган суусундукту ичүүгө болбойт.

Эгерде сизде көз дарыларына аллергияңыз жок болсо бул суусундукту даярдап алып ичип, көзүңүздүн көрүүсүн жакшыртып алсаңыз болот.

Терини бузган азыктар

Биз кандай тамак жесек, терибиз ошого жараша болот. Бул макаланы окуп, рационуңузга да көңүл бура жүрүңүз.

Эт

Эт жактырбагандар биздин арабызда жок болбосо да өтө аз болсо керек. Мына ошол биз жакшы көргөн этти терибиз жактыра бербейт экен. Себеби, этти көп колдонууда адамдын канындагы токсикалык азыктардын концентрациясы жогорулашына алып келет. Ал эми таттууну көп жегендер эрте карышат.

Шоколад жана шекери көп азыктар

Рафинаддалган шекер беттеги коллаген булаларын жабыркатып бет терисинин назиктигин жоготуп кургатат. Таттууну көп жегендер эрте карышат.

Туздалган азыктар жана маринаддар

Организмге туз керек. Бирок тузду керектүү көлөмдөн ашыкча пайдалануу организмге зыян алып келет. Бөйрөк оорудан баштап башка оор ооруларга чейин жеткирет. Бирок биз тери туурасында сөз кылып жаткандыктан, ашыкча туздун териге тийгизген терс таасири туурасында жазалык. Туздалган же маринаддалган азыктарды көп жеп алып уктап турганда адамдын көзүнүн алдына шишиктер пайда болгонун көрөбүз.

Алкоголь

Алкоголь ичимдиктерин көп ичкен адамдардын бет терилери капкара болуп күйүп кеткен болот же беттеги капилярлары жарылып кеткен болот. Анан дагы бырыш эрте түшүп, тез картаюуга алып келет.

                                                                                            Самара САЛАМАТОВА