Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Буга чейин Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп иштеп жаткан.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын бүгүн биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов тааныштырганы айтылат.

Ал эми Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы окуя боюнча, ага суроо узаткан журналист кызга: «Кебетеңиз жакпайт, ошон үчүн сурооңузга жооп бербейм»,- деп каткырган боюнча басып кетип, коомчулуктун талкуусуна калган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун башчысынын аракети өкмөткө көлөкө түшүргөнүн билдирип, 10-июнда кызматынан алган.