«Айыл Банктын» башкаруучу жетекчиси болуп Бактыбек Шамкеев дайындалды . Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ал буга чейин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсын башкарып келген.

«Айыл Банктагы» аталган кызматты буга чейин Мурат Акимов аркалаган. Анын мөөнөтү келип кеткенден бери орун бош болчу.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190611/1044648299/baktybek-shamkeev-ajyl-bank.html