Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына 10-июнда тамак-ашка ууланган 19 киши кайрылды, алардын төртөө — балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда уулангандар кыз узатуу тоюна барып,эт жеп ууланышкан.

«Кайрылгандардын бирөө кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, 11 киши Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Жети киши амбулатордук дарыланууга чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.