Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ардактуу эс алуудагы подполковниги топ ойноп жатканда жыгылып, жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Кечээ, 9-июнь күнү саат 14:05 чамасында Нарын ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн медайымы О.С. телефон аркылуу 1968-жылы туулган Талантбек Орозалиев топ ойноп жатканда жыгылып, жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын билдирген.

«Бул маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, Нарын шаарынын 1968-жылы туулган тургуну Талантбек Орозалиев Нарын шаарынын ден соолукту чыңдоо борборунда футбол ойноп жатып жыгылып кеткендиги, андан кийин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугу аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун туугандары ал окуя болгон күнү, тагыраак айтканда 9-июнь күнү эртең менен башы ооруп жаткандыгын айтып, бирок ага карабастан саат 13:00 чамасында топ ойногондугун жана кокусунан жыгылып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин билдиришкен. Маркумга сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Орозалиев Талантбек Кадырович 1968-жылдын 29-декабрында Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Чий айылында туулган. 1987-1989-жылдары советтик армиянын катарында Германияда мөөнөттүү аскердик кызматын өтөп келген.

1994-жылы Нарын айыл чарба техникумун, 2002-жылы ИИМдин академиясын аяктаган. 1994-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер органдарында эмгектенген.

2003-жылдын апрель айында Америкага тажрыйба алмашуу үчүн кызматтык сапарга барып келген. ӨКМде 2017-жылдын 24-апрелинен тартып эмгектенип келе жаткан. Аз убакыттын ичинде ыкчам бөлүмдүн жетектөөчү адиси, айдоочу, кезмет нөөмөтчү, административдик чарба бөлүмүнүн кампа башчысы, инженер кызматтарында иштеп, жамаат ичинде чоң кадыр-барк күтө алган. Ишин жакшы билген, жоопкерчиликтүү кызматкер катары мүнөздөлгөн. Аталган түзүмдүн спорт тармагын алдыга жылдырууда чоң салым кошкон.

Талантбек Орозалиев ӨКМдин Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүндө нөөмөткер болуп иштеп жаткан. Анын артында 3 кыз, 1 уулу калды.
Булак:turmush.