Азиз Батукаевдин чыгарылышы боюнча сурактан кийин ооруканага жаткырылган Зарылбек Рысалиев учурда реанимациядан чыга элек.
Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Александра Олексюк «Азаттыкка» билдирген. Рысалиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарыланууда.

— Ал эсине келген. Жай сүйлөп жатат. Кан басымы анча туруктуу эмес. Көтөрүлүп жатат. Азырынча реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бирок эртеңкиге консилиум пландалууда, — деди ал.