Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238  турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Куттуктоонун видеосун Шевченконун достору дагы социалдык тармактагы баракчасына жүктөшкөн. Анда мушкер мамлекет башчы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат деп айтылат. 

Президент Кыргызской Республики Жээнбеков Сооронбай Шарипович поздравил с победой нашу чемпионку Валентину Шевченко #UFC238.

Опубликовано Эмиль Токтогонов Суббота, 8 июня 2019 г.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Бирок Сиз атаандашыңызды оңой эле жеңип алдыңыз. Сиздин даярдыгыңыз алда канча мыкты экени көрүнүп эле турду. Биз Сизге ишенебиз жана болочокто чоң жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк аренада спорттук эң сонун жетишкендиктерге жетише беришиңизге тилектешпиз!», — деп Сооронбай Жээнбеков спортчуга ак жол каалады.

Валентина Шевченко анын спорттук карьерасына көңүл буруп, колдогону жана жылуу куттуктоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан кыргызстандык мекендештерине жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына абдан ыраазы экенин белгиледи. «Мекениме барганда Сиздин кабыл алууңузда болгонумду ар дайым эстейм. Ал жолугушуулар мага күч-кубат берет. Сизге жана бардык мекендештериме рахмат айтам», — деди В. Шевченко.

Эске салсак, Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238  турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко АКШ спортчусун экинчи раундда башка тээп, нокаутка жыгып эң жеңил салмактагы UFC чемпиону наамын коргоп калды.