Жалпы коомчулукка маалым болгондой бүгүнкү күндө ТЭЦтеги коррупция боюнча күнөөлүү делген атка минерлердин дээрлик бардыгы теӊ абакта олтурушат. Ошол эле учурда соту да жүрүп жатат. Алардын аттарын атасак: мурунку премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев жана электр тармагында жооптуу кызматта иштеп келишкен Узак Кадырбаев, Слайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Бердибек Боркоев, Темиркул Биримкулов, Абдылда Исраилов, Алмаз Жусупбековдор. Мына ушул адамдар күнөөлүү деп табылып, сот жобуна тартылууда. Алды соттолду. Белгилей кетсек, Башкы прокуратура ТЭЦтин модериницазиясына сарпталды деген 386 миллион доллардын 111 миллион доллары сол чөнтөктөргө солонуп ктекендиги боюнча маалымат тараткан. Бирок эӊ кызыгы ТЭЦтеги коррупцияга тиешеси бар делген айрым адамдар суудан кургак чыгып, жоопкерчиликтен таза эле ктулуп кете турган болду. Маселен, алардын бири Таалайбек Толубаев. Бул адам 2014-жылы Электр станциялар ачык акционердик коому ишканасына генералдык директор болуп дайындалган. Ага чейин ошол эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштеп келген. Толубаев ошол кезде директор катары ТЭЦти модеринизация кылууга, андагы ар кандай уурдоо, кытмайлардын баарына аягына чейин түздөн-түз катышкандыгы ЖМКларда көп айтылды, көп жазылды. Бирок амалы алтымыш эшекке жүк белем, айтор ТЭЦ боюнча коррупциялык иш ачыкталып, жаӊы сурак башталып жатканда, төргөөчүлөрдүн көчүгүнө пахтаны калыӊ төшөп, алар менен кызматташып, чогуу иштешип, чогуу кызматташкан кесиптештеринин дээрлик бардык былыктарын ачыктап, аларды сатып, өзү жазадан кутулуп кеткендиги да ачыкталган.

Эми мына ушул адам, учруда бийликтин тилин таап, кайрадан мурунку кызматына, тактап айтканда Электр станциялар ишканасына генералдык директор болуп дайындалат экен деген күбүр-шыбыр кептер төр чөйрөдө байма-бай айтылууда. Себеби, анын ТЭЦ боюнча көрсөтмө бергендиги бийликтин билермандарына да өтө жаккан окшобойбу. Айтор, жакынкы күнөдөрү Толубаев кайрдан кызматка келип калса, жакабызды кармана берет окшойбуз. Анда Кыргызстанда эч кандай мыйзамдын иштебестиги дагы да айгине болуп, эл бийликтин бетине какырып туруп түкүрүп берет го. Бийлик билермандары мына ушул жагын ойлошту болду бекен? Же аларга Толубаевге окшогон шылуундар гана керекпи? Эмнеси болсо да, байкай туралычы, анан калган кепти да айтарбыз…