Кечээ түштөн кийин Ош базардын ичинде жайгашкан кадимки эт базар талашка түшкөнү маалым болду. Белгисиз адамдар Эт базардын администрациясынын кеӊсесине барып, ал жерде иштеген кызматкерлерди кууп чыгууга аракет кылып: «Бул эт базар менин менчигим болду. Кеӊсени бошоткула»- деп ызы-чуу кылган. Тасмада көрүнүп тургандай ал адам милицияларга да баш бербей, албууттанып, өз өнөрүн болушунча көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок ал «наглый» жигиттин колунда эт базарга ээлик кылууга акысы бар деген бир да тиешелүү кагазы жок болгон. Ошондой эле эт базардын администрациясынын тегерегине кебетесине караганада спортчу лөкүйгөн жигиттер да пайда болуп, алар да бир нерсеге даярданып тургандай түр көрсөтүшкөн. Бишкектин көпчүлүк бөлүгүн эт менен камсыз кылып келаткан эт базар (Акиф фирмасына караштуу) эмнеге талашка түштү. Бул маселенин чоо-жайын кыскача окурмандарга түшүндүрөлү.

300дөн ашуун адам иштеген бул эт базар 2000-жылдарга чейин эле, жеке менчик колго өткөн. Бул базарга жалпысынан 4 адам ээлик кылат. Алардын бири Сергей Фищенко. Орусиянын жараны. Ага базардын 19 пайыз үлүшү таандык. Майсызов Исмар деген адамга 25 пайызы таандык. Үчүнчү адам Кубатбеков Каленге 31 пайыз, төртүнчү адам Бозбаева Кымбатка 25 пайыз. Бул төрт адам биригип, базардын өзүн жана жашаган үйлөрүн күрөөгө коюп, 2014-жылдары Росинбанктан 3 миллион доллар насыя алышкан. Ал насыянын 1 миллион 2 миӊ долларын эт базарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө сарпталган экен. Фищенко көбүнчө Орусияда болгондуктан, көпчүлүк ишти Майсызовдор аткарышкан. Майсызов ошол кезде Эт базарды башкарып, жетекчи болуп турган. Бирок Майсызов ичтен сасып чыгып, 3 миллион доллардын (ремонтко сарпталган 1 млн. 200 миӊден башкасын) 1 млн. 800 миӊ долларын түп орду менен жоготуп койгондугу айтылат. Мындан тышкары, Майсызов жоготуп койгон акчанын изин жашырыш үчүн, өзүнүн базарга ээлик кылган 25 пайыз үлүшүн, Кубатбеков, Бозбаева, Фищенконун да үлүштөрүн башка бир адамдарга документтерди жасалма кылып сатып жиберет. Айрымдарын бул маселеде алдап жатып керектүү кагаздарга кол койдуруп алгандыгы айтылат. Фищенколор анын бул кылыгын уккан соӊ, анын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазат. Майсызовдун мына ушундай шылуундугунан улам, эт базардын ээси менмин деген бир нече адам улам алмак- салмак келип, бүгүнкүдөй ызы-чууну чыгарып турууну адатка айлантып алышкан.

Кыязы, ызы-чуу кылып, рейдерлик кылуу аракетин көргөндөр Майсыовдордун кишиси экендиги тууралуу да маалыматтар айтылды.

Кечээ күнкү окуя. Эт базарадагы талаш-тартыш:

Натыйжада Майсызов түрмөгө олтурат. Ал азыркы учурда да № 1 СИЗОдо жатат. Олтурганына 2 жылдай болуп калса, анын иши сырдуу жагдайлардан улам сотко өтпөй келет. Кыскасы, Майсызовго сот тармагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында «болушкан» ададмар көп болуп кетип, ал бул кылмыш ишинде күнөлүү болбой эле, тескерисинче жабыр тартуучу болуп, орусиянын жараны Фищенкону ушул жылдын 28-январында каматууга жетишкен экен. Бүгүнкү күндө Майсызов менен Фищенко экөө теӊ камакта. Бизде мыйзамдын иштебестиги ушундай кылмыштуу иштерден улам, даана көрүнөт. Орусиянын жараны Фищенко жабыыр тартып жатса да, ага көӊүл бурган эч ким жок. Ал тургай Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине да кайрылуу жолдошкон. Бирок элчилик деле орус жараны кирептер болгон окуяга кайдыгер карап койгондой. Негизи эле бул кылмыш ишин Ак-үй, Көк-үйдөгүлөрдүн баары эле билишет. Бирок мыйзамдуу түрдө эч ким чара көргүсү келбей турат. Жакында Путин ШКу саммитине келет. Балким Акиф фирмасынын кызматкерлери Путинге кайрылышып, ага кат жолдошот окшобойбу. Себеби, мындай практика бизде болгон. Мындан бир, эки жыл мурун Оштун Кара-Суусунан ишкерлер кайсы бир кыргыз жараны Путинге кайрылуу жасаганда, орус бийлиги ал кайрылууга кайдыгер карабай, кайсы бир деӊгээлде чара көргөнү маалым.

Акырында Майсызов тууралуу эки ооз кеп. Майсызовдун абакта айтылуу криминал «Дөө» Чыӊгыз» менен тамакташып олтурган сүрөтү бүгүн интернетке тарады. Бул сүрөттө көп сыр катылып тургандай. Себеби, «Дөө» Чыӊгыз көрүнгөн эле адамдар менен чай ичишип, сүрөткө түшө бербейт. Кыскасы, ортодо кандайдыр бир кызыкчылыктар да болушу мүмкүн. Айтор, бул жагы да алдыда ачыкталышы мүмкүн.

Биз Ош базардагы Эт базардын мындай чуулгандуу окуясынан дагы да маалымат алып, коомчулукту кабардар кылып, жогорку бийликке коӊгуроо кагып турмакчыбыз.