Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен жолугуп, өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу жооп берди.

— Мен барсам чын эле 3-4 үйдүн терезеси сынган экен. Камалган балдардын ата-энелери менен сүйлөштүм. Таяк жеген 2 баланын сүрөтүн көрсөттү «Ватсаптан», чын эле уруп, мээси чайкалыптыр. Бирок операция болгон эмес. Кайра келатсам прокурордой болуп алдыман чыгып «кайда жүрөсүз, эмнеге кечиктиңиз» деген тон менен суроо берди. Бир сары кыз экен. Мен да айттым, этикасы жок кызга ошондой жооп бердим. «Апрель ТВга» бердим, «Ала-Тоо 24кө» бердим. Тиги кызга айттым, «сага бербейм, кое тур» деп. Мага кандай кайрылса, ошондой жооп бердим. Ал мага орой түрдө суроо узатты, — деди Абдраимов.