Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган уюшкан кылмыш тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш тобунун мүчөлөрү курал жана жасалма унаа номерлерин өткөрүү учурунда колго түштү. Алардын бири Москва РИИБинин кызматкери кенже лейтенантК.К. жана экинчиси Чүй ОИИББинин кылмыш милициясы кызматынын башчысынын орун басары подполковник Р.К. экени аныкталды. Кармоо учурунда бири ВАЗ 2107 унаасы менен качып кетүүгө аракет кылган, бирок кырсыкка кабылып колго түшкөн.

«Кармалган подполковниктин кылмыш тобунун уюштуруучусу экени аныкталды. Бул топ жеке ишкерлерге жана аткезчилерге курал менен кол салууларды пландаган. Кармалгандар СИЗОго отургузулуп, материалдар кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталды», — деп айтылат маалыматта.