Кытай медицинасынын сырларын тээ байыркы кытайдын философиялык көз карашы менен байланыштырып, байыркы философиялык концепциялардан таба алабыз. Адам баласы пайда болуп, анын коомдук түзүлүшү татаалдашкан сайын медицина багытындагы көз караш улам өзгөрө берген. Ошонун ичинен кытайдын байыркы философиясы бардык илимдин тармагын камтып, көп тараптуу түшүнүк берип, медицинага дагы өзүнүн салымын кошкон. Ошолордун бири инь-ян теориясы.

            Салттуу кытайдын медицинасында адамды бир бүтүн катары карап, анын жашоосун көк асман менен жерге байланыштырып, андан инь-ян теориясы келип чыккан. Андан ары инь-янь теориясынан беш элементтин концепциясы келип чыккан. Инь-ян принциби менен ойлоно турган болсок, адамдын акылы, сезими, анын тулку-бою бири-бири менен байланышта болуп, ар бир органы жана анын функциясы бири-бири менен тыгыз бирдиктүү, бир бүтүн болуп эсептелет. Ал эми адамдын асман-жер менен байланышы биздин табигаттан көз карандылыгыбызды далилдеп, табигаттын таасирисиз жашай албастыгыбызды билдирген. Мындайча айтканда, адамдын жашоосу айлана-чөйрөнүн климатынан, сезондун өзгөрүшүнөн, күндүн нурунун өлчөмүнөн, ай менен күндүн байланышынан, түшүндүрүп айтканда, ааламдык кыймыл-аракеттен көз каранды болуп, ар кандай космостук өзгөрүүлөрдө таасирленип турат.

Инь-янь теориясы

            Ошентип биз инь-ян теориясын кенен-кесири түшүндүрсөк, биз  философия илиминдеги диалектикалык  материализмден окуп жүргөн, бирдиктүүлүктүн жана карама-каршылыктын законуна туура келет. “Хуанди Нэйцзин” деген байыркы китепте “көк асман”  “янга” кирип, жер “инге” кирет, күн янга кирип, ай инге кирет. Күндүзгү абал янга кирип, түн инге кирет. Үстүӊкү абал янга кирип, алдыңкы абал инге кирет. Сырткы абал янга кирип, ички абал инге кирет. Сол жак янга кирип, оң жак инге кирет ж.б.у.с.

            Ошол байыркы философиялык көз караш менен алганда жаратылышта бир тараптуу нерселер жок. Ар бир кубулуш ян-инь менен байланыштуу. Тактап айтканда, янды түшүндүрүп айтсак, кыймылдын күчтүүсү, кыймылдын активдүүлүгү, катуулугу, абалдын үстүңкүсү, жандыктардын эркектери, бат абал, ылдамдыктын тездиги кирет. Ал эми инге болсо, тынчтык, алсыздык, купуялык, пассивдүүлүк, төмөнкү абал, ургаачы, жайлык, төмөнкү дегендер ж.б.у.с. кирет.

            Ушундан чыгарган жыйынтыгыбыз, инь-янга бардык кубулуштар жана көзгө көрүнө турган нерселер (материя) кире турган болсо,  биз буларды катып калган абал деп эсептебей, ар дайым кыймылда болгон табигаттын кубулушу деп түшүнүшүбүз керек. Мисалы, индин гүлдөп, көркүнө чыгышы янды пайда кылат. Ошондуктан мындай кубулушту биз бири-бири менен тыгыз байланышкан, бири-бири менен аракетке келип турган жаратылыштын көрүнүшү  деп эсептесек болот. Чыгыш философторунун ою боюнча, ар бир инде яндын элементи бар. Ал эми ар бир янда индин элементи бар. Ошентип бул эки элемент жаратылыштын толук гармониясын түзүп, жашоонун эрежеси болуп эсептелет. Төмөнкү сүрөттөн караңыз (1-сүрөт), мындай эмблема чыгыштын бардык тармактарына тараган, көргөн кишинин көзүнө дароо тааныш сезилгенин байкоого болот, андан кытайдын күрөшү, медицинасы дароо эске түшөт.

 1-сүрөт

У-син теориясы

У-син теориясы стихиялык (эмперикалык) материализмден келип чыккан кытайдын эң көрүнүктүү теориясы. У-син инь-ян философиялык окуусунан келип чыгып, каршылыктын эң жеткен чегин көрсөтөт. Байыркы окумуштуулар табиятты кенен-кесири билүү менен катар, ошондо болгон кубулуштарды адамдын организминден болгон кубулуштар менен тыгыз байланыштырышкан. Мисалы, күн-түн, эртең менен-кечинде, кыш-жай, суук-ысык, уйкусуздук-уйку, дем чыгаруу-дем алуу, жүрөктүн жыйрылуусу жана бошошу ж.б.у.с.

Эми ушунун ичинен жөнөкөйлөтүп карасак, суткалык циклди алганда күн батканда түн кирет, түндөн таң атат, таң атса күн чыгат. Ушундай кубулуш күн сайын кайталанып турат. Ошентип байыркы окумуштуулардын пикирине караганда, адамда  дагы  ааламдагыдай циклдик кубулуш айланып турат. Муну талдап түшүнсөк: 1-абал – төрөлүү, кубулуш улам өсө берет. Мисалы, таң, жаз, адамдын балалыгы. 2-абал – максималдуу активдүүлүк. Мисалы түшкү маал, жай, адамдын күлгүн курагы ж.б.у.с. 3-абал – активдүүлүктүн төмөндөшү- кеч, күз мезгили, адамдын улгаюусу. 4-абал – минималдык активдүүлүк – түн, кыш, адамдын карылыгы.

Ошентип биз беш элементтин теориясына келсек, символикалык түрдө төмөндөгүдөй бөлөбүз:

  1. Дарак – төрөлүүнүн жана өсүүнүн белгиси;
  2. От – максималдуу активдүүлүктүн белгиси;
  3. Металл – төмөндөөнүн белгиси;
  4. Суу – минималдык активдүүлүк.

Ошентип биз бешинчи элемент кылып Жерди кошо турган болсок, бардык кубулуштар Жерде болот деп эсептөөгө туура келет (2-сүрөт жана 3-сүрөт).

Кытай медицинасынын сырлары

 2-сүрөт

 3-сүрөт

Бир сөз менен түшүндүрсөк, ар бир элемент бири-бирине көз каранды болуп, бири-бирин күчөтүп (стимулдаштырып), биринин күчүн бири алсыратып турат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ар бир элементтин начарлашы бөлөк элементке таасир берип, бардык элементтин туруктуулугун бузат. Төмөнкү 4-сүрөттөн билингендей, ушул белгилерге органдардын байланышын алмаштыра турган болсок, булардын туруктуулугу ар бир органдын иштөөсүнөн көз каранды.

 4-сүрөт

Чжан-фу концепциясы

Кытай медицинасында анатомияга көп көңүл бурулбастан, органдардын иштешин анализдөө көбүрөөк болгону байкалат. Эми биз байыркы кытай окууларына кайрыла турган болсок, булар инь-ян принцибине ылайык, органдарды үч категорияга бөлгөн.

1. Чжан категориясына – өпкө, көк боор, жүрөк, жүрөк карынчасы (перикард), бөйрөк, боор кирген. Бул органдар туюк болуп эсептелип, адамдагы энергияны тазалап, бөлүп, сактап, бириктирип турат деп түшүнүдүрүшкөн,  башкача айтканда, мындай органдар энергияны сактоочу жай болуп саналган. Ушундай органдар инь системасына кирген.

2. Фу категориясына – ашказан, жоон ичеги, ичке ичеги, табарсык, өт карынчасы, адамдын тулкусунун үч бөлүгү (көкүрөк көңдөйү, ич көңдөйү, табарсык жайланышкан көңдөй) кирген. Мындай органдар көңдөй органдар болуп, тамак сиңирүү, аны иштетүү, аны сыртка чыгаруу функциясын аткарып, ян органдарына кирген.

3. Ал эми кошумча категорияга адамдын мээси, жүлүнү, сөөктөрү, булчуңдары, репродуктивдүү органдар кирген.

Ошентип чжан системасына 6 орган, фу системасына 6 орган кирип, адамдагы 12 каналды (меридиан) түзгөн. Кытайдын медицинасы боюнча фу органындагы оорулар жеңил түрдө өтүп, аны дарылоо оңой болот. Ал эми чжан категориядагы органдардын оорулары оор түрүндө болуп, аны дарылоо кыйыныраак. 

Чзин-ло концепциясы

Чзин-ло концепциясы жогоруда көрсөтүлгөн концепциялардан келип чыгып, каналдар (меридиандар) жөнүндөгү окуу болуп, организмдеги энергиянын каналдардагы бөлүнүшү жөнүндөгү түшүнүктү берген.

Чыгыш медицинасынын окуусу боюнча 12 негизги жуп каналдар, 2 жубу жок канал, 15 коллатералдык каналдар жана 8 керемет меридиандар бар.

Энергия “чи” жөнүндөгү түшүнүк

Биз жогорудагы концепцияларды сөз кылып жатып, кытай окуусунда адамдын анатомиясына  көбүрөөк көңүл бурулбастан, органдардын иштешине көңүл буруларын  айтып кеттик. Ошентип байыркы чыгыш медиктеринин көз карашы боюнча, ар бир органдын иштеши үчүн өзгөчө энергия талап кылынары жана алар жогоруда көрсөтүлгөн каналдар (меридиандар) менен жүрүп турарын билишкен. Булардын ою боюнча, адам космостук энергия башкача айтканда, аба менен дем алып, жердеги мүмкүнчүлүктөр менен тамактангандыгы айтылат. Космостук (ааламдык) тамак (аба) өпкө менен кирип, цикилдик түрдө 12 органды айланып, бир сутканын ичинде чыгып кетет. Ошол айлануу процесси ар бир органда 2 саатттан болуп, 24 саатты түзөт. Биздин азыркы түшүнүгүбүз боюнча булар биортимдик көз карашка туура келет.

Эми жыйынтык чыгарсак, байыркы кытайдын концепцияларынан биз адамдын денесинде өзгөчө энергия болорун, ал энергия циклдик  биоритмдик  түрдө организмде 24 саат айланаарын, ошентип энергия  “чи” ар бир органда өзүнүн активдүүлүгүн сактап, ден-соолуктун  гормониясын түзөөрүн айттык. Эгерде ар бир органдагы энергиянын туруктуулугу бузулса, ал оору катарында эсептелип, ар бир 12 органдын функциясын билиш үчүн чыгыш медиктери тамыр кармап диагноз коюшкан. Тамыр кармоо жөнүндө кенен-кесири мурдагы макалаларымда сөз кылгам. Кытай медицинасынын эң ыңгайлуу жагы ар бир органдын энергиясынын абалын билүү болуп эсептелет. Ал эми  (чжень-цзю)  “алтын ийне” саюу ыкмасы каналдардагы (меридиандардагы) энергияны турукташтырып, теңдештирет.Ошентип ийнетерапиясынын  эффективдүүлүгүнө жетиш үчүн дабагерде терең билим,  көп жылдык тажрыйба, өзгөчө шык болууга тийиш.

Бекбоев Темирбек,

невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис-дабагер