—Айылчы байке, жакында Бишкекте ШКУнун кезектеги жыйыны өтөт эмеспи. Мына ушул ШКУнун өлкө экономикасына, саясатына тийгизген таасири тууралуу оюӊузду ортого салсаӊыз…

—ШКУ биримдиги  Кыргызстан үчүн  — бул Европа, Азия экономикалык  биримдигиндей эле чоӊ мааниге ээ. Анткени ШКУнун эӊ негизги максаты-коопсуздук сактоо. Акыркы жылдары кээ бир саясый чечимдерге басым жасала баштады. Бишкекте өтө турган бул жолку форумда экономикалык  маселелерге да көӊүл бурула турган болуп жатат. Байкап жатасыӊарбы дүйнөдө эӊ чоӊ өлкөлөр ШКУга мүчө болуп кире баштады. Жакында ШКУга Индия менен Пакистан расмий түрдө мүчө болуп киришкени турат. Андан башка да бир катар мамлекеттер бул уюмга мүчө болуу кызыкчылыгын ачыкташып, кезекке туруп калышты.  ШКУ ушундай темп менен өсүп олтурса, жакынкы жылдары дүйнөдөгү  абдан чоӊ, абдан таасирлүү уюмга айланат. Азыркы деӊгээли менен Сириядагы, Венесуеладагы, Украинадагы саясый абалдарга да кийлигишип,  талапка ылайык чечкенге  ар тараптан дарамети жетип турат. Мунун өзү буйруса, ШКУ 21 – кылымдагы эӊ чоӊ саясый жана экономикалык борборго айлана баштады дегенден кабар берет. Ал эми геосаясый жактан алып караганда, экономика, коопсуздук жана саясый жактан да кыя өтпөй турган өлкө – бул биздин Кыргызстан. Биздин мамлекет аркылуу  инфраструктура өтөт. Көптөн бери айтылып жаткан темир жол долбоору кечигип жатканын биздин бийликтин да күнөөсү бар. Анткени биз жалкоо, кежир, кашаң  болуп жатпайбызбы. Темир жол Кыргызстан аркылуу өтсө, Кытай каптап, кырылып калабыз деген жапайы түшүнүк менен кармалып жатат. Бул туура эмес. Мына Кытайдын  бир шаарынан башталган темир жолу Хоргоско курулуп, Хоргос аркылуу Астана, Алматыга, андан ары Россия аркылуу Европага чыгып кетти.  Бул деген дүйнөлүк океанга чыкты дегенди түшүндүрөт. А, биз дүйнөлүк океан эмес, Кыргызстан ичиндеги жалгыз жолубузду Казакстан аркылуу өткөрө албай эсибиз ооп жатат. Ошон үчүн ШКУнун мааниси Кыргызстан үчүн өтө чоң. Тегерегибиздеги өлкөлөр менен достошуп, мыкты мамиле түзсөк,  биз алар аркылуу өз көйгөйлөрүбүздү акырындык менен чечип алабыз. Жакында Бишкекте өтө турган саммиттин мааниси да абдан чоң, бул саммитке Россия, Кытай мамлекеттеринин башчылар да абдан көңүл буруп жатышат.

—ШКУнун алкагында биз эмнени уттурушубуз мүмкүн?

—Уттура турган эмне бар да, эмнең калды? Кыргызстан өзүнүн кан-жини менен аралашып жатып, узак жылдан бери биз өзүбүз көп нерсени уттуруп жибердик. Бул маселеде “эшекти отко айдаса, бокко качат” деген кеп бар. Дүйнөдө өсүп, өнүгүп  жаткан мамлекеттердин тажрыйбасын карап, колдонбой эле, өз казаныбызда эле кайнап жатабыз. Мыйзамдарыбыз иштебейт, баары акчанын күчү менен чечилет ж.б. Чоң реформаларды жасагандын ордуна артка кетенчиктей  бердик. Эл ишенген жетекчилер болсо жеке кызыкчылыктардан көтөрө алышпады. Баягы бир жакшы кеп бар. Ошону эске салайын. “Кудуктун түбүндөгү бир бака бүркүткө сын тагат дейт. “Эй бүркүт, сен асманда шаңшып учуп, асманды чарк айланып учуп жүрөсүң. Бирок мен кудукта жатып алып эле, сен көргөн асманды, жылдызды мен деле көрүп жатам ”- дейт  экен. Ал кудуктагы бакага асмандан болгону бир жылдыз эле көрүнөт экен да. Ошону бир айтып, бир койбой, эки айтып эки койбой, мактана берет экен. Биз так ошол бакадай болуп жатабыз да.  Биз ушул 21- кылымда жашап туруп, эл көрбөгөн, жер көрбөгөн, билими тайкы элдерге окшоп баратабыз да. Элден мурун биз эмнебизди уттурабыз? Кимге эмне берип жыргаттык эле. Биз канча жылдан бери, көрүнгөн мамлекеттерден насыя сурап, берсе проценти жок берер бекен деп, кайырчынын образында жашап келатабыз да. Насыя берсе жыргап калабыз, бирок аны да төлөй албай курап жатпайбызбы. Башка мамлекеттер бизге кыйындыгыбыздан насыя беришкен жок. Кедейлигибизден, байкуштугубуздан улам берип жатышат. Мына ушул маселени бир эске алып, унутпай жүрөлүчү. Жыйынтыктап айтканда, ШКУнун биздин экономикага тийгизе турган таасири абдан чоң. Муну сом менен эсептөөгө болбойт. Эмнеге дегенде ШКУнун келечеги чоң, жогоруда айткандай саясый, экономикалык жактан барган сайын күч алып, таасири артып жатат. Биз ШКУнун алкагында уюмга мүчө болгон мамлекеттер менен мыкты мамиле түзүп, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдон келишинче макисмалдуу түрдө талапка ылайык пайдалана алышыбыз зарыл. 

                                                                             Айбек ШАМШЫКЕЕВ

Булак:Багыт.