Гапар Айтиев атындагы сүрөт жана искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнөн кийин кызматтан кетмей болду. Ал бул кызматты узак жылдардан бери аркалап келаткан. Сүрөтчү кызматтан  Шыгаевдин  кетиши ызы-чуу менен коштоло турган болду. Ал өзү жетектеген музейдин сактоосунда турган  Николая Сверчкова «Лошадь с собакой» жана Николой Генин  «Портрет Бакунина»  деп аталган сүрөттөрүн алып кетип, кайра жараксыз абалга жакын алып келгени Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин текшерүүсүнөн улам ачыкка чыккан.  Ал  баалуу сүрөттөрдү кайра калыбына келтире турганын айткан.

Булак:Багыт