А. БАТУКАЕВДИ МЫЙЗАМСЫЗ БОШОТУУ БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ Ш. АТАХАНОВ КАМАККА АЛЫНДЫ . Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун коюп, диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган. 2013-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган. А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды. Андан сырткары, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө. Кылмыш ишинин алкагында өткөн жумуда мурдагы ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.