Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Твиттерде» «ачык» үлпөт кийим кийбөөгө чакырган парламенттин депутаты Махабат Мавляновага жооп ирээтинде «пошла нахуй» деп жазды.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова 19-майда өзүнүн фейсбук барагында:

« Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери ! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык , чыпташып турган көйнөктөрдү албаныздарчы, кийбениздерчи. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата , чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону уйротолу кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели! », — деп жазган Мавлянова.