2019-жылдын июнь айында Бишкекте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде  Кыргызстан маанилүү чечимди сунуштай алат. Бул – ШКУнун Парламеттик Ассамблеясын негиздөө боюнча долбоор. Мындай пикирди белгилүү саясат таануучу, эксперт Бакыт Бакетаев бизге берген интервьюсунда белгилеп өттү. Анын пикиринде, учура Шанхай уюму дүйнөдөгү эң кадырлуу жана иштикүү бирикмелерден болуп келе жатат, бирок айрым маселелер дагы бар. Ошондой эле, бул уюм менен тыгыз иштешүү Кыргызстандын өнүгүшүнүн бирден-бир ыңгайлуу жолдордун бири.

Бакетаев Бакыт

—Учурда ШКУ көбүнесе экономикалык долбоорлордун үстүнөн иштөө жагына ооп баратат окшойт жана бул ишкердикте ар кандай маселелер чыкпай койбойт. Ошолорду атап өтө аласызбы?

—Эң башкы маселе, менин оюмча, бул уюмдун  Парламенттик Ассамблеясынын жок болуп жатканы. Ал эмне үчүн керек – уюмдун алкагында чыгып жаткан чечимдер мыйзам түрүндө бекитилип, ар бир мүчө үчүн аткарылууга тийиш болот. Бирок аны Парламенттик Ассамблея бекиткен болбосо, анда уюмдун мүчөлөрүнүн ар бири өз алдынча иш кылып, өзүнө ыңгайлуу нерселерди жасайт. Азырынча уюмдун талуу жери ушул болуп жатат. Андан улам биз, эксперттердин тобу, биздин өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбековго келе жаткан саммите ушул маселени көтөрүш керек деп кайрылуу жасадык.

—Бул маселе орчундуу болсо, эмне үчүн буга чейин көтөрүлгөн жок?

—Учурунда деле бул маселе көтөрүлгөн, бирок аны кай жакка жайгаштырыш керек деген суроого такалып, ошонусу чечилген эмес. Мисалы, россиялыктар Екатеринбургда жайгаштыралы деп өзүнчө сүйлөшүүлөрдү башташты.Биздин депутаттар каршы болуп койду.   Ошондой сөздөр жүрүп отуруп, акыры токтоп калды.  Мындан улам, биз жанагы кайрылууну жасап жатабыз — быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык  кылып жатканынан  пайдаланып,   Бишкекте  туруктуу Ассамблеяны негиздөөгө аракет кылышы керек.  Бул бир тарыхый иш болмокчу. Мисалы, РАСТ деген бар да, ШКУнун террорго каршы структурасы. Уюшулуп жатканда Бишкекте жайгашышы керек болчу, анан кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп,  Ташкенткекетип калды.

—Бул орган түзүлсө эмнени өзгөртүп жибериши мүмкүн?

—Биринчиден, буга чейин айткандай эле, бардык чечимдерди мыйзамдаштырып, аткарууга милдеттүү кылат.  Ортоктуу мыйзам чыгаруучу орган пайда болсо, анда иш такыр башкача нукка түшүп, Шанхай Кызматтыштык Уюмунун иши кыйла алдыга жыла баштайт. Экинчиден, Кыргызстан ШКУда өзүн статист эмес, толук кандуу мүчө, маанилүү сунуштарды жасап жаткан өлкө катары көрсөтө алат.  Негизи, Сооронбай Шарипович ушул маселени көтөрүп, Парламенттик Ассамблея түзүлүп калса – бул жалаң эле Кыргызстанга эмес, 3 млрд. калкты камтыган уюмга да мыкты болот.

—Өнөктөш өлкөлөрдүн саясатчылары, эксперттери колдоп жатабы бул демилгени?

—Биздин артыкчылыгыбыз – чоң өлкө эмеспиз жана ортоктош орунду ээлеп турабыз. Мисалы, бул Ассамблея Кытайда жайгашса, Россия каршы болот, Россияда жайгашса – Кытай каршы болот. Биз болсо нейтралдуу өлкөбүз жана барына тең ыңгайлуу болот деген ойдомун. Анан Кыргызстан бул демилгени биринчи көтөруп жаткандан кийин, бизде жайгашышы керек, анткени бул эл аралык тажрыйба – ким биринчи маселени койсо, ага артыкчылык берилет. Негизи бардык документтер даяр жана биздин Жогорку Кеӊеште жатат.

—Бул жакшы жана учурда Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси да күч алып келе жатат. Кыргызстан үчүн ШОС жана бул демилгеге катышуу кандай артыкчылык, пайда алып келиши керек?

Учурда Кытай дүйнөлүк лидерликке чыгып келе жатат жана жадагалса АКШ дагы аны менен кызматташканга аракет жазап жатат. Кытай азыр дүйнөлүк эконмиканынын кыймылдаткычы жана булардын жылдык экономикалык өсүшү Американыныкын да ашып, бирини орунда турат. Кыргызстан өсөм десе бул демилгеге кошулушу керек. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун алалы – биздин  өкмөт, парламент ылдам иштеп жибербесе ал башка өлкөлөр аркылуу кетип калышы мүмкүн. Ошондо биз  алыскы айылкы айылдарга өңдөнүп, турмуштун четине чыгып калабыз. Ошондуктан биз тез арада өз сунуштарыбызды киргизибиш керек. Учурда биз Казакстан жана Россия аркылуу дүйнө менен байланышып жатабыз. Ал жакшы. Бирок, бизге экинчи жол керек – Кыргызстана, Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу кетүүчү жол. Байыркы Жибек жолу ошондой кетчү эмес беле. Ошо менен деңизге чыга алабыз. Мындай алсак, мисалы, казак чегарасында уламдан-улам маселе чыгып жатпайбы, экинчи жол курулуп калса, бул маселенин бардыгы анча кыйын болбой калар. Тамаша катарында айтсам, кытайларда “Бир алкак – бир жол” болсо, бизге “бир алкак жана эки жол” керек!

—Бир чоң маселе бар – биздин калк кытайларды анча жактырбайт жана эмне болбосун каршы чыгат. Жана бул жагдайды жакшы маанайга буруу үчүн эмне кылыш керек? Сиздин оюңузча кандайдыр бир жолдор менен абалды оңдосо болобу?

—Биз азыр Кытай менен чек араны жаап салсак – дүйнөлүк процесстерден, дүйнөлүк турмуштан тээ артта калып калабыз. Мисалы, айтылып жатат Кытайга жүз миң кыз кетиптир деп, санап көрсөк алтымыш миң экен, миллион кытай жарандык алып алды дешет, карап көрсөк тогуз кытай жарандык алыптыр. Мында кандайдыр бир күчтөрдүн аракети деп эсептейм элдин арасында туура эме маалыматтарды таратуу боюнча. АКШ Кытай  менен иштешкенге аракет кылып жатат жана биз мындан баш тартсак прогресстин артына калып калабыз.

—Жакында ШКУ саммити жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары күтүлүүдө жана мындан кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтсө болобу?

—Былтыр биздин президент Кытайга барып келди. Биринчиден, канча мамлекеттердин чоңдору кытайлык технологияларга, алар менен мамиле түзгөнгө кызыкдар. Экинчиден, ШКУнун алкагында эмес, эки тараптуу кызматташууга жакшы шарттар тузүлүүлдө, мисалы мамлекет башчылар бири-бирин  иш сапарга чакырышууда. Үчүнчүдөн, темир жолду куруу боюнча анча мынча маселелер бар.Тортүнчүдон, Кытайдан жалаң эле кредит гана албай, башкасына да аракет кылуу керек да. Кредит деген өзүнчө эле кара так болуп калбадыбы – кыйкырыктар чыгып жатат го, “карыз болуп калдык, жерибизди алып коёт, кытай каптап кетет!”-деп. Мунун бардыгы үстүртөн болгон ойлор да.   Мисалы, кредиттер эле эмес, технологияларды, жаңы идеяларды алсак, экономиканын өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болот. Мисалы, “Джунда” заводун алалы – бул ишкана үчүн биз Кытайга бир тыйын да карыз эмеспиз. Бул бир жактан сатып келгендин ордуна, өзүңдүн өндүргөнүңдүн мисалын көрсөтүп жатат. Ошону түз инвестиция деп айтса болот. Бул заводдон бензин менен солярка эле эмес, пролипропилен, карандаш, калемсап жана толтура нерсени чыгарса болот. Ушундай инвестициялар өндүрүштү көтөрөт. Бизде болсо каражаттын бардыгы тойкана, чоң дүкөндөрдү салганга жумшалып жатат. Эмнеси пайдалуу?

—Кандай болбосун Кытай менен кызматташуу керек жана бул  мамилелерде абдан чоң потенциал жатат деңиз?

—Абдан чоң! Бул бизге нефтехимиялык институт ачып берели, түштүктө жана түндүк аймаыгында ири цемент заводун  курабыз деп жатат. Дегиле бир катар өндүрүш ишканаларын куруп, иштетели деген ниеттери бар. Бирок көп учурда алар жылдап документтерди топтоп, чиновниктерди уруксаатын алалбай жүрүшөт. Жалгыз гана айыл чарба менен экономиканы көтөрө албасың жана индустрияны куруш үчүн бизге Кытай менен кызматташуу абдан зарыл.

—Андан улам, ШКУ саммити жана Си Цзиньпиндин иш сапары чоң  мааниге ээ   десе болот го?

—Албетте! Кытайдын лидеринин сапары эки тараптуу кызматташууга катуу дем берет деген пикирдемин. Бул багытта айтылгандай эле,потенциал, мүмкүнчүлүтөр абдан чоң жана Кыргызстан  өзүнө пайда алууга катуу аракеттерди көрүшү керек. Парламенттик Ассамблея уюштурулса бир чоң жетишкендик болот. Бул боюнча Кыргызстандын маанилүү сунуш бар!

—Маегиңизге чоң ырахмат!