Президент Сооронбай Жээнбеков Баатыр энелерди жана көп балалуу энелерди сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Мыйзамга ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.