Казакстандагы окуу жайларда «Назарбаев таануу» деген жаңы предмет пайда болушу мүмкүндүгүн казак ЖМКлары жазып чыгышты. Шымкент университетинин профессору Нурали Уткелбаевдин бул сабак боюнча жаңы окуу китебин иштеп чыгуу сунушу өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылды. Профессордун айтымында, учурда Нурсултан Назарбаевдин эмгектери — сүйлөгөн сөздөрү, баяндамалары, элге кайрылуулары, интервьюлары, илимий-социологиялык макалалары жана түрдүү темалар боюнча жазган китептери 101 томду түзөт. Бул ишти өлкөнүн  Билим берүү министрлиги жүргүзөрү айтылууда.

Булак:багыт.