Орозонун организмди ашыкча зыяндуу заттардан арылткандан тышкары бир топ касиеттери бар экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Орозо кармаганда адамдын курсагы ачканына карабай ачкалыкка каршы туруу үчүн ички организм активдүү иштей баштайт. Орозонун касиети ден-соолук үчүн да өзгөчө экенин айта кетпесек болбос.  Орозо кармоо – кандагы канттын өлчөмүн болушунча төмөндөтүүгө пайдасын тийгизет. Учурда кээ бир өлкөлөрдө кант диабетине чалдыккан адамдарды орозо кармоо аркылуу дарылоо күч алууда.  Орозо кармаган адам ооз ачкан кезде жеңил тамактар менен тамактанганы оӊ. Анткени мындай ыкма химиялык дары-дармектерди колдонбой эле кант диабетин айыктырууга өтө жакшы жол экенин медицина далилдеп жатат.

Орозо кармаган адам оозун бекиткенде кандагы суунун өлчөмү азайганда, тери бекемделгендиктен зыяндуу бактерияларга каршы турууга жардам берет экен.  Мындан тышкары жара ооруларынын денеге тарап  кетүүсүнүн алдын алып, аллергиядан арылууга да жакшы таасирин тийгизет.  Адамдын денесине туз уюганда, кандагы заара тузунун өлчөмү көбөйгөндүктөн бөйрөккө таш пайда болот эмеспи. Ошондой учурда адам тамак менен суудан бир аз убакыт баш тартса баш, жогорудагы дарттан арылышы мүмкүн. Орозо кармаган адамдын психологиясында мурдагыга салыштырмалуу көптөгөн өзгөрүүлөр болгондуктан, майда –барат нерселер үчүн эмоцияга алдырбай сабырдуу болуп калат. Кемчилик өзүнөн кетпегенин билип турса да ачуусуна тийген адамга көп теӊелбестен аны кечирээрин буга чейин көп эле кездештирген элек. Орозо кармаган учурда адамдын жан дүйнөсүндө да өзгөрүүлөр болгондуктан жашоого болгон көз карашы түп тамырынан бери өзгөрөт экен.