«Манас, Манас» деп жатып анын тамтыгын чыгара жаздадык окшойт. Ооба, ошондой болуп барат. Ыгы келген-келбегенине карабай, ушу жерде кереги барбы же жокпу дегенине карабай, жаман-жакшыбызга карабай «Манас» дей берип, анын баа-баркын ыйыктыктан ажыратып баратабыз өӊдөнүп калды.  Кийинки кезде өпөӊдөп Манас айткан  бала-чака  көбөйдү… ошол элге анча жукпай жатат… «Манасты» элге «жуктуруунун» башка жолдорун издеш керек болуп калды…

            Ооба, баарыбыз эле «Манас» деп жатабыз. Аны жакшы менен жаманы, аккөӊүлү менен таш боору, коррупционери менен ак дили, адамкерчиликтүүсү менен айбан мүнөзүндөгүлөр… жазуучулардын миллиондогон рублин жеп алган ашкере шылуун деле «Манас» деп жатканы, «Манас» деп эле «кургак» бакыра бергендер толуп, ашып кетти! Ошондон улам «Манасыбыздын» баа-баркы төмөндөп барабы?!

            Анан эмей, «Манасты» күнү-түнү эстен чыгарбашыбыз керек. Ал дилибизге биротоло сиӊип калган баалуулук болуш керек. Бирок, аныбыз атайылап эмес, өзүнөн өзү келген  адат болуп калса дейм.

            Кийинки кезде «Манас» эпос катары каралбай эле, Манас деп кадимки эле тарыхта калган адам сыӊары айта баштадык. Эпостук каарманды болгон адам катары жаратып алган жокпузбу? Мен деле Манас деген баатырыбыз болгон деп ишенүүгө аракет кылам. Бирок, болгон деп так-даана айта албайм. Анткени, так –даана тарыхый фундаменталдуу эмгектерди, маалыматтарды окуй элекмин. Андыктан «Манасты» элдик оозеки чыгармачылыктын туундусу- эпос катары карайм. Мен окумуштуу да, «Манас» изилдөөчү да эмесмин, мен «Манастын» окурманымын, мен «Манасты» эпос катары, аны сүйгөн, тепкедейден окуган  окурманы катары карайм… Азыноолак кебим ошол жолдо улансын…

«Биз бала кезде…» деп башталган кепти бала кезден карылардын кебинен укчу элем. Эми өзүм да «биз бала кезде»- деп кичүүлөргө кези менен кеп салам… Ошол биз бала кезде чоӊ аталарыбыз, дегеле кары кишилердин баары эле  «Манас» окутчу эле. Мен өзүмдүн чоӊ атама, анан анын агасына окуп берчүмүн. Алар көздүн талыганына, өзүӊдүн тил чайнап чарчаганыӊа карабайт, «Манас менен Коӊурбайды сайыштыр», «Тайторуну бир чаптырчы», «Жолой менен Кошойду күрөштүр» деп темасын айта суранып турушат. Анан ошондо көмкөрөӊдөн түшүп алып шатырата кетип, өзүӊ  да ошол окуя менен камыр-жумур биригип, жүрөгүӊ дүкүлдөй согуп, азыркы дүйнөӊ таптакыр жок болуп, ошол «Манастын» дүйнөсүндө жашап, а балким, анын бир чоросу боло кетип… сонун кез да! Ошол кезде миӊдеген балдар аталарына, карыяларга «Манас» окуп беришчү, кээси тажап качып калган учурлар да канча болгон. Күн сайын эле тынымы жок окута берсе ошо да… Кыргызыӊдын баары тегизи менен «Манас» уккусу келген ошол заман да өтүп кетиптир.

            Азар «Манаска» болгон элдин мамилеси таптакыр башка. «Манас» табигый керектөөнүн негизинде окулбай, кандайдыр милдет катары, тапшырма катары окулуп калган, «кой, эмне жөнүндө экенин кичине окуп, бирөөлөргө айтууга жарайын» деген ниет менен окулуп калган. Ошондо да “Манасты” окубай, ал жөнүндө жазылган макалаларды үстүрт окушат… Атайылап «Манасты» издеп жүрүп таап окуган жаштар азыр өтө эле аз. Болбосо, ошол жаштардын баары эле мектебинде окутканы үчүн, жогорку окуу жайында окутканы үчүн, айласы жок окушат, болбосо, «душман көзүнө окуп коөюн» деген мааниде окушат…

            Туура, Илимдер академиясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы адабият институту «Манасты» толтура чыгарды, ал жөнүндөгү изилдөөлөрдү, энциклопедияны да чыгарды. Анын баары ошол институттун деректири, академик Абдылдажан Акматалиевдин эмгеги менен ишке ашты. Анын жалгыз жасаган эмгегин жүздөгөн киши жасай албас…

            «Манас» жөнүндөгү китептер көбөйгөнү менен, аны атайылап алып окуган киши жок, болсо, аябай аз.

            Жөнөкөй окурманга “Манас” жөнүндө жазылган макалалардын, изилдөөлөрдүн кенедей да кереги жок. Аны оригиналда окусун. Жанагы Ашым Жакыпбековдун кара сөз менен жат менен чыгарсын. Мисалы, “Манастын төөнүн шыйрагын сындыра атканы”, “Коӊурбайдын Манастан качканы”, “Чубак менен Алманбеттин чатагы”, “Манастын Кумайыгы”, “Манастын Аккуласы”, “Семетейдин Таласка келиши”, “Семетейдин Коӊурбайдан өч алышы”… сыяктуу толгон темаларды чагылдырып, балдарды ошондой китептерге “ороп-чулгап” салыш керек. Манас жөнүндө кинолор, мультфильмдер батпай турсун… Иши кылып “Манасты” элге жуктуруунун эӊ бир оптималдуу жолун издей бериш керек…

      Баратбай АРАКЕЕВ