Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду өзүнүн берген арызына ылайык, кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады.

Мурдараак, УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат таратып, анда жетекчиси Идирис Кадыркулов биометрикалык паспорттун бланк чырына байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз бергенин кабарлаган.

Маалыматта УКМК төрагасынын «УКМКда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин мыйзамсыз иштери тууралуу жетиштүү далилдер бар деген маалыматтар бир нече ирет кабарланган. Ага карабай, бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Мындан улам түзүлгөн кырдаалды эске алып, менин тергөө иштерине кийлигишүү ыктымалдыгым жөнүндө пикирлерди четке кагуу үчүн, мен УКМК жетекчилигинен баш тартууну чечтим. Бул боюнча президентке — Башкы командачыга арыз бердим» деген сөзү жазылган.

Идрис Кадыркулов УКМКнын жетекчиси болуп 2018-жылы 20-апрелде дайындалган