Судья Алыбаев Азамат Артельвич Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Белгилүү болгондой 2016-жылдан бери  бул кызматты Ирина Воронцова аркалап келген. Воронцовага ЖМКларда көптөгөн сындар айтылып, анын мыйзамсыз жасаган иштери ачык эле шардана болуп келген. Бирок ошондой болсо да, ага укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. 47 жаштагы Алыбаевдин кичи мекени Чалдабар айылы. Ал Воронцованын орун басары болуп иштеп келген. Жаңы төраганын  кылмыш иштер боюнча орун басары болуп Талантбек Аккозуев, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Гүлмира Садыкова, ал эми экономикалык иштер боюнча орун басары  болуп Болотбек Сатыбалдиев шайланды