Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарып койду. Сот Абдуллаевди үй камагына прокуратуранын сунушу менен үй камагына чыгарган. Буга чейин ушул эле коррупциялык ишке айыпталып кармалган Руслан Сарыбаев үй камагына чыгарлыган. Эске сала кетсек,

тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган.