Белгилүү болгондой аз күн мурун ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө уруулар кирип, 60 миң доллар жана башка баалуу мүлүктөрүн уурдап кеткендиги айтылган. Бул боюнча Атабеков буларды билдирди:

Урматтуу, мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апама жана апам жашаган биздин үйүгү байланыштуу куралчан уурулар тобунун үйгө киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет.
— Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат.