Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукул аял болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болушкан.

Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз — Дүйшөнкул Шопоков болгон. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган.

Төмөндө согушта эл үчүн курман болушкан айрым баатырлардын укмуштай эрдигин эскерели.

КАЛЫЙНУР ҮСӨНБЕКОВ


Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков 1921-жылы Түп районундагы Ой-Булак айылында жарыкка келген. 1941-жылы Каракол педагогикалык окуу жайын аяктаган соң Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 
1942-жылы март айында мекенди коргоого аттанган Калыйнур кенже лейтенанттардын курсун бүтүрүп, кан майданга кирет. 
1945-жылы 12-февралда Үсөнбеков Одер боюндагы салгылашта жоокерлерди чабуулга баштап, ийгилик жараткан. Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин, 9 танкасынын чабуулун 14 саат бою токтоткон. Ал эми жалгыз өзү эле Калыйнур 60 фашистти өлтүрүп, көбүн жарадар кылган. 
Андан кийин 14-февралда бетме-бет салгылашта 7 фашистти жок кылып, экөөнү туткундап келген. 
Калыйнур Үсөнбеков 2003-жылы каза болду.

ДАЙЫР АСАНОВ


Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда жарыкка келген. 
Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылдан Жогорку Башкы Командованиенин 11-артиллериялык жарып өтмө дивизиясына 31-жеңил артиллериялык бригадасынын 1208-истребителдик танкага каршы артиллериялык полкунда наводчик жана замбирек командири болгон. 
Харьков облусундагы Пятницк кыштагында салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда ал немецтердин 8 танкасын, ошондой эле 6 бронетранспортёрун жок кылган.
Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда каза болду.

ЫСМАЙЫЛБЕК ТАРАНЧИЕВ!


Өз жанын Мекен үчүн садага чапкан кыраан!
Ал, 35 жолу абага учуп, душмандардын бир топ объектилерин талкалаган.
Соңку ирет Ысмайылбек 1944-жылы 18-мартта аткыч досу Алексей Ткачёв менен бирдикте душмандар менен абада салгылашып атып учагына ок тийип, алоолоп күйө баштайт. Күйүп бараткан учагы менен душман танкаларын беттеп учат. Жыйынтында, фашисттик танкты сүзүп, курбусу Алексей Ткачёв экөө баатырларча курман болушат.

АНВАРБЕК ЧОРТЕКОВ
Анварбек Чортеков — Советтер Союзунун Баатыры.
1943-жылы Днепрдин батыш жээгиндеги плацдарм үчүн болгон согушта, эрдиктин чыныгы үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын 4 жолку чабуулун токтотуп, 30дай гитлерчини жок кылар замат, душман ээлеген бийиктикти колго алган. Анварбек Чортековдун чыдамкайлыгы жана эрктүүлүгү менен фашисттер артты көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан.

КАЗАК ЖАРКЫМБАЕВ
Казак Жаркымбаев — Ысык-Көл өрөөнүнүн Таштак айылында 1911-жылы 10-ноябрда жарыкка келген. 


Колхоздо иштеп атып 1941-жылы июль айында мекенди коргоого аттанат. 
Жумушчу-дыйкандар армиясынан кан күйгөн согушка 1944-жылы которулуп, 2-Украин фронтунда аткычтар дивизиясына кызмат өтөй баштайт.
1944-жылдын 16-апрель күнү Казак Жаркымбаев Молдавиянын Бутор кыштагында душмандар менен болгон кагылышууда пулемёту менен душмандардын 2 взводун жок кылган. 
Ошентип Казак Жаркымбаевдин эрдиги аркасында советтик аскерлер плацдармды кармап турууга оңтойлуу шарт түзүлгөн. 
1945-жылы 24-мартта мекенди коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн Казак Жаркымбаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 
Согуштан аман кайткан Жаркымбаев өзү туулуп өскөн айылда бригадир, колхоз башкармасы милдеттерин өтөп жүрүп, 1969-жылдын 10-июлунда каза болгон.

КОЧКОР МУРЗАКАРИМОВ


Кочкор Мурзакаримов душмандын танкасын жүрүштөн чыгаруу убагында эки жолу ийининен жарадар болот, бирок, тайманбас эрктүүлүгү Мурзакаримовдун демин сууткан жок. Фашисттердин экинчи чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин колго курал кармай турган 3 гана жоокер калат. Кийинки чабуул өтө катуу жүрүп, Мурзакаримов бул жолкусун пулемётуна снаряд тийип, башынан жарадар болот. 
Өзү жалгыз калган кыргыздын чыгаан баатыры көзү көрбөй калса да акыркы гранаталарын чогултуп, душманды көздөй ыргытып жатып,  
акыркы гранатасын бооруна алып, күчүн жыйнай жабылып келаткан немецтерди көрүп өзүн жардырып жиберген. Натыйжада, катуу жардыруудан кийин согуш талаасы тынчый түшөт. 
Куткарууга келген советтик артиллеристтер офицер Кочкор Мурзакаримовдун денесинин жанынан өлүп жаткан 96 гитлерчини санашкан.

АШЫРБАЙ КОЁНКӨЗОВ
Кыргыздын эр жүрөк уулдарынын бири даңазалуу чалгынчы Ашырбай Коёнкөзов 1907-жылы Каракол уездиндеги Түп районунун Токтоян айылында жарыкка келген. 
Гвардиянын улук сержанты Ашырбай Коёнкөзов 1941-жылдан баштап Советтик Армияда кызмат өтөп, 316-аткычтар дивизиясынын составында Улуу Ата Мекендик согушка кирип, Москваны коргооого катышкан. 1943-жылдын ноябрынан 7-Ленинград партизандар бригадасынын 2-партизандар отрядында рота командири болот. Өзүнүн тубаса шык-жөндөмү аркасында азганакай убакытта эле 138 фашисттик солдат офицерлерин жок кылып, 15 «тил» туткунга түшүрүп, кармап келген.
1943-жылы декабрь айында Ашырбай Коёнкөзовдун чакан тобу душмандын 10 эшелонун жүрүштөн чыгарып, 10 паравоз жана фашисттердин тирүү аскерлери менен 20дан ашуун вагондорду жардырып жок кылышкан. 
1943-жылдын 31-декабрында Ленинграддын Карамышев районундагы Ручьи айылында душмандар менен кармашып атып баатырларча курман болгон. 
1966-жылы ага Кызыл Жылдыз жана 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени менен ыйгарылган.

ТУКУБАЙ ТАЙГАРАЕВ


Тукубай Тайгараев 1944-жылы 10-июлда душмандын коргонуу чегин биринчилерден болуп бузуп кирген. Фашисттердин траншеясына кирип барып 10 немисти атып, 5 фрицти колго түшүргөн. 
Согуштун экинчи күнүндө душмандан тартылып алынган бийиктикти коргоодо чоң эрдик көргөзгөн. Ал өзү менен кошо 3 аскер менен жалгыз калып, акыркы окко чейин салгылашкан. Бирок, ага карабастан душмандын чабуулу токтогон жок. Жарадар болгон Тукубай Тайгараев акыркы гранаталарын колго алып, гитлерчилердин тобуна кирип барып жардырган, натыйжада Тайгараев баатырларча курман болуп фашисттердин жүрүшүн токтоткон.

ЖУМАШ АСАНАЛИЕВ


Жумаш Асаналиев — 1923-жылы 10-майда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Отуз-Уул айылында жарыкка келген. 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат. Жумаш Курскинин алдындагы салгылашка катышып, 6-Армиядагы 67-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Согушта ал ефрейтор даражасына жетип, пулемётчулук милдетти өтөйт. 1944-жылдын 24-июнунда Беларусиянын Витебск областындагы Бешенковичски районуна Батыш Двина дайрасын кечип өтөт. Кармаш учурунда командири катуу жарадар болгондуктан анын милдетин өз мойнуна алат. Жумаш Асаналиев айыгышкан салгылашта душмандардын соккусуна каршы туруштук берип, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөтөт. 
Душман минасынын жарылуусунан анын жолдоштору башаламандыкка учурап, ал өзү майдан талаасында жалгыз калганына карабастан согуша берген. Бет маңдайда келе жаткан фашисттик аскерлерге мээлеп, пулемёту менен 20сын сулата атат. 
Качан гана душмандар санынын көптүгүнө салып ага жакындаганда багынып берүүнү каалабастан колундагы гранатаны алып, өзүн жардырып айланасына жакын келишкен фашисттердин баарын жок кылып курман болгон. 
1944-жылдын 22-июлунда ефрейтор Жумаш Асаналиевге согушта көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Акун Садырбаев

Акун Садырбаевдин  Кавказда кан күйгөн согушта эрдик көрсөткөнү 1943-жылдын 15-январында “Кызыл-Кыргызстан” гезитине жарыяланган маалыматта төмөндөгүдөй жазылат: 
“1942-жылдын 13-декабрдын таңында Акун Садырбаев курамында болгон взвод күжүрмөн тапшырманы аткарууга тымызын аттанат. Ал взводдун командиринин орун басары болгон. Бул взводго совет жоокерлеринин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратып турган фашисттердин ДЗОТун жок кылуу эле. ДЗОТу кантип жок кылуунун планын күн мурунтан болжол менен ойлоп, иштеп чыгышкан. Албетте, совет жоокерлерине ал жерде канча фашист, кандай курал, кандай күч менен бугуп жатканы анчалык белгисиз болчу. Бирок бул ДЗОТу ээлеп жаткандар оңой душман эмес экенин ар бир совет жоокери абдан жакшы түшүнүшкөн. Ал тургай өздөрүнө бир топ сокку болорун да күтүп турушкан. Взводдун командири жол баштап алдыга жүрөрү белгилүү эмеспи. Алардын ДЗОТко 40-30 метр аралыкка чейин жакындап калганын байкап, аңдып турушкан ондогон фашисттер жамгырдай ок жаадырышат. Ажал издеп зырылдап учкан октон командир баштаган бир нече жоокер катардан чыгып калган соң, Садырбаев ал жерден командирликти өз мойнуна алып, тирүү калган жоокерлерди башкарат. Канча бир саатка созулган атышуудан соң, Акун ажалдан аман калган жоокерлерге тапшырма берип (душмандарды алаксытып, тынбай ок чыгарып туруу ж.б.) өз жанына эки жоокерди алып, эки тараптан атылып жаткан октун багыты менен эмес, башка бир багыт менен бирде жата калып, бирде тура калып, бирде жер менен жылаандай сойлоп олтурушуп ДЗОТко 10-15 метрге чейин жакындап барат. Акун өзү ээрчитип келген жоокерлерди бир аз артка жайгаштырып коёт. Душмандар алардын жакындап келатканына кооптонушуп, гранаталарды биринин артынан, бирин удаа-удаа ыргытышат. Ушундай болорун мурунтан боолголоп турган Акун жанына келип түшүп жаткан гранаталарды колуна алып, ал жарылганча, өтө шамдагайлык менен фашисттердин өздөрүнө күү менен ыргыта берет. Ыргытылган гранаталардын айрымдары ДЗОТтун өзүнө жетип-жетпей жарылса, айрымдары абада учуп баратып жарылат. Бир кезде Акун так жанына келип түшкөн гранатаны колуна алып, мына эми ыргытарда, анын жарылчу мөөнөтү жетип калгандыктан, Акундун колунда жарылат. Ошентип, анын денеси күлгө айланып, чыныгы баатырларча курман болот. ДЗОТ эми мурункудай ачык-айкын көрүнбөй, ал тараптан асманга сапырылган боз топурак, коюу чаң гана байкалат… Мунун баарын бир аз арт жактан карап турушкан жоокерлер аркылуу Акундун душмандардын 16 гранатасын кайра өздөрүнө карай ыргытып, 17-син ыргытырда колунан жарылып кеткени бүт СССРге, маалым болгон. Акун ыргыткан гранаталардан өтө так болбосо да 20дан ашуун фашист жана эки станкалык пулёмот жок болгон.” 

Тилекке каршы, Акун Садырбаевге Советтер Cоюзунун Баатыры наамы ар кандай тоскоолдуктардан улам берилбей калган.

ЖАПАР ЖАБАЕВ


Жапар Жабаев 1942-жылы Курск алдындагы салгылашууда партизандык кыймылдын катарын толуктаган. Ал согуш учурунда эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланган. Кармаш учурунда душмандын 5 аскерин колго түшүргөн. 
Андан соң душмандын орнотулган пулемёттук эсебине жете барып фашисттерди атып жок кылган да, пулемётун тартып алган. Андан кийинки кармашта гитлердик чоң гарнизонго кирип барып 9 фашистти жок кылган, дал ошол салгылаш учурунда Жапар Жабаев баатырларча курман болгон.

АСАНБЕК ОТОРБАЕВ


Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев 1925-жылы Талас районундагы Чат-Базар айылында туулган. 
1943-жылы январь айында Асанбек Оторбаев Ата Мекенди коргоого жөнөйт.
Ошол эле жылдын август айында Асанбек согуш талаасында жарадар болгон. 
1945-жылдын январь айынын башында кенже сержант Асанбек Оторбаев 1-Украин фронтунун 59-армиясында пулемётчиктин милдетин өтөй баштаган. 
1945-жылдын 31-январында дивизия Одер аркылуу калк жыш жайгашкан Вальдичте душмандар менен айыгышкан кармашка түшөт. Душмандын урулган беш соккусуна туруштук берүү менен Оторбаев немистик 25 аскерди жок кылат. 
Душмандардын алтынчы жолку соккусунда Асанбек Оторбаев колуна 2 граната кармап, немистик артиллерияга боюн таштап, баатырларча курман болгон.
Сөөгү Польшанын Кендзежин-Козле шаарындагы бир туугандар көрүстөнүндө жерге берилген.

САМАТ САДЫКОВ

Советтер Союзунун Баатыры, Мозырск Кызыл Туу дивизиясынын 16-гвардиялык кавалердик полкунун кенже сержанты САМАТ САДЫКОВ — 1920-жылы 8-майда Лейлек районундагы Кара-Сай айылында жарыкка келген.
Улуу Ата Мекендик согушта Самат Садыков өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен башкалардан өзгөчөлөнгөн. 
Майдан талааасында Самат тарабынан 300дөй немистик жоокерлер жок кылынып, аны менен катар 2 майор, 15 офицер өлтүрүлгөн. Мындан тышкары, 7 автоунаа өрттөлгөн. 
Самат Садыков Берлин операциясында 1945-жылдын 1-майында Германиянын Фризак шаарында баатырларча курман болгон.

                                                                             
ЕВДОКИЯ ПАСЬКО


Советтер Союзунун Баатыры, Улуу Ата Мекендик согушта эркектерден кем калбай бир далай ирет баатырдык жасаган даңазалуу аскер учкучу, өзүбүздүн жердешибиз Евдокия Пасько Борисовна — 1919-жылы 30-декабрда Ысык-Көл өрөөнүндөгү Жети-Өгүз районунда, Липенка деген айылда жарыкка келген.
46-гвардиялык түнкү бомбалоочу полкунун учкучу Евдокия Пасько 1938-жылы М.В.Ломоносов атындагы МГУнун механика-математика факультетине тапшырат. 4-курста окуп аткан кезде Евдокия өз каалоосу менен согушка аттанат. Кыска мөөнөттөгү учкучтар мектебинен билим алып чыгып, 1942-жылы кан майданга аралашат. 
Евдокия 790 жолу абада согушуу үчүн учагы менен көтөрүлгөн. Евдокия фашисттерге 100 тонна бомба таштап, душмандын күйүүчү май сактаган 4 кампасын, 3 курал-жарак сактоочу жайын, 3 прожекторун, 11 автоунаасын, 1 учагын жардырган.
Жалпысынан Евдокия фашисттерге 157 катуу жардыруу жасап, 109 жолу өрт койгон. Мындан тышкары, 2 миллион баракчаларды асмандан таштаган. 
Евдокия Пасько согуш аяктаган соң Москва жогорку техникалык училищесинде окутуучу болуп өмүр бою иштеген. 
Мына ушундай даңазалуу учкуч мекендешибиз Евдокия Пасько 2017-жылы 31-январда Москва шаарында көз жумду.

Даярдаган: Данияр Исанов