9-май Улуу жеңиш майрамына саналуу гана күн калды. Азыр тирүү ардагерлердин саны 1000ден бир аз гана ашат. Кийинки муундар үчүн Улуу Ата Мекендик согушту, анын тарыхын төкпөй — чачпай айтып туруу биздин милдетибиз. Маалымат катары айтсак, Кыргызстандан согушка 365 миңден ашуун адам катышып, 160 миңдин тегерегиндеги мекендешибиз окко учкан. 150 миң адам каармандык медалы менен сыйланган. Ал эми 73 жердешибиз өзгөчө эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Чынында мындай баатыр наамына толук татыктуу эрдик көрсөтүшкөн биздин аталарыбыз арбын. Бирок алардын баарына убагында толук көңүл бурулбай, бир чети тымызын саясаттан улам баатыр наамы берилбей калганын баса белгилеп айта кетишибиз керек. Себеби, бир максатты, бир тилекти тилеген СССР деген бир зор мекен, зор империя болуп турса да, кан күйгөн согуш мезгилинде да улуттар аралык көрө албастык жана атаандаштык маселеси билинбеген менен бир топ күч алып турган. Мисалы, согушта адам оюна келбей турган эрдиктерди көрсөткөндөрдүн баары болбосо да, көбү Россияга жана бүтүндөй СССРди башкарып турган Иосиф Сталиндин кичи мекени Грузияга таандык болсо деген каалоо алдыңкы маселе болгонун азыр эч ким жокко чыгара албайт жана ал кезде ошондой кылууга ачыктан-ачык далалат кылгандар да болгон. 
Буга мисал катары СССР жетекчилери, аскер кол башчылары Чолпонбай Түлөбердиев Матросовдун эрдигин кайталады деген жалган маалымат таратышканын айтсак жетиштүү болот чыгаар. Чынында Матросов Түлөбердиевдин көрсөткөн эрдигин 6 айдан кийин гана кайталган. Бул факт! Кан күйгөн согушта Чолпонбайдан кем эмес эрдик көрсөткөн аталарыбыздын бири- бул Акун Садырбаев! Бул адамдын ысымы бүткүл СССРдин жана дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калууга тийиш! Себеби, Садырбаевдин көрсөткөн эрдиги 1941-1945-жылга чейин созулган согуштун тарыхында жалгыз жана болуп көрбөгөндөй, керек болсо сөз менен айтса ишенбегендей таңкалычтуу, укмуштуудай эрдик! Садырбаевдин ал эрдигин айтаардан мурун буга чейин белгисиз болуп келген анын ата-теги, бала-чагынан, жигиттик курагынан жалпы окурмандарга маалымат берели. 
Мен өткөн жылы 85 жаштагы Көчөрөв Ташы атага жолугуп, агасы Акун тууралуу эл билбеген маалыматтарды ала алдым.

Жөлөмөсү бар, жөн кишилерден эмес эле…

Акун 1911-жылы Жумгал районунун Эпкин айылында жарык дүйнөгө келген. Садырбайдан Акун. Акун 3кө чыкканда ата-энеси экөө тең каза таап, томолой жетим калат. “Жетим жетилет” дегендей Акун туугандарынын колунда чоңоюп эс тартат. Анын бала кезинен эле жанда жок шамдагай, жөө күлүк, жөлөмөсү бар экени байкалыптыр. Мисалы: узундукка да укмуш секирчү дешет. Буга анын бир эмес, бир нече ирет 12 метр көпүрөнүн үстүнөн чуркап келип секирип кеткенин далил катары айтып жүрөшөт. Ошондой эле ээр токулуп турган аттын устунон да кыйналбай эле скерип кетчү экен. 12-13 жашында Түгөл-Сай менен Эпкин айлынын ортосундагы Көлбай деген жерден колунда бар бир бай адам той берип калат. Акун өзү демилге кылып ал тойдо он, эки чакырымга чабылган 15тей кунан менен кошо жарышка түшөт. Алгач ал кунандардын чаңында калганы менен, маарга аз калганда, Акун карап турган элди таңкалдырып, маарга кунандардан биринчи болуп алдыга озуп келген экен. Баш байгесине жакшы бир Анжиян ээр токум (айтмакчы, айылда ошол эр токумду Абай деген тууганы дале колдонуп жүрөт) алат. Мына ушундан кийин жөө күлүк Акун деген атка конот. Шамдагайлыгын мындан билиңиз. Башка балдар бакта конуп турган топ чымчыктарды жашынып келип таш менен уруп, араң бир, экөөнү өлтүрүшсө, Акун өзгөчө шамдагайлык менен (топ чымчык бырпырап учуп көздөн кайым болгуча ) колундагы таштарды өтө тездик менен шилтеп, тɵрт-бешɵɵнү жерге сулатканга үлгүрчү экен. Андан сырткары, бакка мышыктай жабышып чыгып барып, башка канаттууларды тирүү кармаган учурлары да болуптур. Жамактап ырдап, ыр жаза да койчу экен…

Райком комсомолдун секретары жана баатырдык

Акун 1930 –жылдардын аягында Алматыдан кайсы бир гимназияны бүтүп келип, Жумгал районунда жооптуу кызматтарда иштеп баштайт. 1941-жылы согуш башталган кезде ал райком комсомолдун секретары болуп турган. Жакын арада райкомдун биринчи секретары болот деген кеп тарап, көпчүлүк эл: “Байкуш жетим Акун районду жетектеп чоң болот экен” –деп шыпшынып сөз кылышат. Бирок райком комсомолдун секретары болуп бир жылга жетпеген убакыт иштегенден кийин көпчүлүк менен фронтко чакырылат. Аны менен кошо райком секретары болуп турган Шакиров Түгөл да фронкто кетет. Ошол учурда Акундун үйлөнгөнүнө аз гана убакыт болуптур. Согушка кеткенден кийин, бир нече айдан кийин кош бойлуу калган аялы кыз төрөп, бирок ал кыз чарчап калат. Жалпы жонунан Акундун айылынан 90дон ашуун адам согушка жөнөп, алардын арасынан ашып кетсе 10-15и гана тирүү кайтып келген.
Акун фронтко барганда көпчүлүк менен бирге катуу даярдыктан өтөт. Кавказда кан күйгөн согушта эрдик көрсөткөнү 1943-жылдын 15-январында “Кызыл-Кыргызстан” гезитине жарыяланган маалыматта төмөндөгүдөй жазылат: 
1942-жылдын 13-декабрдын таңында Акун Садырбаев курамында болгон взвод күжүрмөн тапшырманы аткарууга тымызын аттанат. Ал взводдун командиринин орун басары болгон. Бул взводго совет жоокерлеринин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратып турган фашисттердин ДЗОТун жок кылуу эле. ДЗОТу кантип жок кылуунун планын күн мурунтан болжол менен ойлоп, иштеп чыгышкан. Албетте, совет жоокерлерине ал жерде канча фашист, кандай курал, кандай күч менен бугуп жатканы анчалык белгисиз болчу. Бирок бул ДЗОТу ээлеп жаткандар оңой душман эмес экенин ар бир совет жоокери абдан жакшы түшүнүшкөн. Ал тургай өздөрүнө бир топ сокку болорун да күтүп турушкан. Взводдун командири жол баштап алдыга жүрөрү белгилүү эмеспи. Алардын ДЗОТко 40-30 метр аралыкка чейин жакындап калганын байкап, аңдып турушкан ондогон фашисттер жамгырдай ок жаадырышат. Ажал издеп зырылдап учкан октон командир баштаган бир нече жоокер катардан чыгып калган соң, Садырбаев ал жерден комнадирликти өз мойнуна алып, тирүү калган жоокерелерди башкарат. Канча бир саатка созулган атышуудан соң, Акун ажалдан аман калган жоокерлерге тапшырма берип (душмандарды алаксытып, тынбай ок чыгарып туруу ж.б.) өз жанына эки жоокерди алып, эки тараптан атылып жаткан октун багыты менен эмес, башка бир багыт менен бирде жата калып, бирде тура калып, бирде жер менен жылаандай сойлоп олтурушуп ДЗОТко 10-15 метрге чейин жакындап барат. Акун өзү ээрчитип келген жоокерлерди бир аз артка жайгаштырып коёт. Душмандар алардын жакындап келатканына кооптонушуп, гранаталарды биринин артынан, бирин удаа-удаа ыргытышат. Ушундай болорун мурунтан боолголоп турган Акун жанына келип түшүп жаткан гранаталарды колуна алып, ал жарылганча, өтө шамдагайлык менен фашисттердин өздөрүнө күү менен ыргыта берет. Ыргытылган гранаталардын айрымдары ДЗОТтун өзүнө жетип-жетпей жарылса, айрымдары абада учуп баратып жарылат. Бир кезде Акун так жанына келип түшкөн гранатаны колуна алып, мына эми ыргытарда, анын жарылчу мөөнөтү жетип калгандыктан, Акундун колунда жарылат. Ошентип, анын денеси күлгө айланып, чыныгы баатырларча курман болот. ДЗОТ эми мурункудай ачык-айкын көрүнбөй, ал тараптан асманга сапырылган боз топурак, коюу чаң гана байкалат… Мунун баарын бир аз арт жактан карап турушкан жоокерлер аркылуу Акундун душмандардын 16 гранатасын кайра өздөрүнө карай ыргытып, 17-син ыргытырда колунан жарылып кеткени бүт СССРге, маалым болгон. Акун ыргыткан гранаталардан өтө так болбосо да 20дан ашуун фашист жана эки станкалык пулёмот жок болгон. Тирүү калган совет жоокерлер Акун Садырбаевдин ушундай эрдигине шерденишип, мурункуга салыштырганда катуу кайрат, катуу айбат, намыс менен ДЗОТту дагы да болсо ээлеп жатышкан фашисттер менен дагы бир топко салгылашат. Садырбаевдин адам оюна келбеген укмуштуудай эрдигинен кийин, фашисттер бир топ алдан тайып калышканы совет жоокерлерине билинип турган. Ал жердеги салгылаш баш-аягы бир күнгө чейин созулган экен. Акыры аз санда гана калган совет жоокерлери такоолго (жардам) келишип, алсырап, араң жан сактап турган ДЗОТтун тез-эле быр-чырын чыгарып, тирүү калган фашисттерди о дүйнөгө атказып жиберишип, дагы да алдыга жылуу үчүн жол ачышкан.” 


Акун Садырбаевдин мындай эрдигине ошол кезде эле көптөр ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышкан. Ал тургай азыр дагы ишенбегендер көп. Бирок бул тарыхта болгон, эч ким жокко чыгара алгыс, кайталангыс, укмуштудай эрдик. Мына ушундай ишенбөөчүлүк жана бир чети көрө албастыктан улам чыныгы баатыр Акун Садырбаевге басымдуу бөлүгү орус улутунан турган СССРдин аскер кол башчылары аны Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүшпөй койгон. Болгону ага “Кызыл Жылдыз” ордени менен ыйгарып тим болушкан. Акун 30 жашында согушка аттанып, 31 жашында баатырларча курман болгон. Тилекке каршы, артында туяк да калбады. 1991-жылы Жумгал районунун Эпкин айлына жаңы мектеп салынып, ал мектепке айылдан чыккан Акун Садырбаевдин ысымы берилген. Учурда Садырбаевдин туугандары Эпкин жана Түгөл-Сай айылында жашайт. Акундун агасы Көчөрдүн баласы Ташы өзү тарыхка өтө кызыккан, сөзмөр, санжырачы адам. Анын айтуусу боюнча туугандарына аскер комиссарынан Акундун өлгөнү тууралуу кара кагаз 1942-жылдын 23-январында келип, туугандарына Акун өз эрдиги менен 62 фашистти жок кылды деп айтышкан. Акундун 20 фашисти жок кылганы турган иш деңизчи. Балким, Ташы ата айткандай 60 фашистти жок кылганы чын чыгаар. Айтор, бул жагын тактоо керек. 
Кыргыз эли жашап турганда, Садырбаев өңдүү баатыр аталарыбыз эч качан унутулбайт! Алардын эрдиги ар бир адамга чоң үлгү бойдон кала берет!
Айбек Шамшыкеев