Бу, Матраимовдор деген, өзгөчө Раиммиллион деген эргул мамлекет үчүн азаптын азабы болуп кала турган болуп калды окшойт. Ал эми президент Жээнбековдун бийлигине трагедия болуп калышы мүмкүн  болуп турат. Эмнеге дегенде, Жээнбеков Раиммиллион боюнча элдин айтып жаткан, журналисттердин жазып жаткан сындарынын баарын кулак сыртынан кетирип, аны “бөпөлөп”, чаӊ жугузбай, Кыргызстанда өзүнөн кийинки экинчи президент катары баалап тургандай түр көрсөтүп  жатат.  Ал эми президенттин колдоосуна шерденген  Раиммиллион болсо, Кара-Сууда  атасын эскерип, 20 миӊ адамга той берди. Ага кыргыздын бычакка саптуу делген саясатчыларынын көбү жетип барып, Раиммилиондун тоюна катышып жатканына жетине албай, абдан бактылуу болуп олтурушту. Кээ бирлери барганына өкүнүп,  элден  кечирим сурашты. Бирок көпчүлүгү болсо, ошол тойго катышканына сыймыктанып, дагы эле деӊкейип жүрүшөт. Жыйынтыктап айтканда, Раиммиллиондун акыркы аракеттери, кыргызга кылган кыянатчылыгы бул бийликке жакшылык алып келбейт. Президент муну түшүнүп эле турат, бирок Раиммиллиондон кутулууга эрки жетпей, эрксиз экенин, элдин кебине караганда Раиммилионду уга турганын далилдеп  жаткандай.

Булак: Багыт