Батукаевди абактан чыгаруу демилгесин биринчилерден болуп ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун айтып чыккан. Жөн эле айтып тим болбостон: “рак оорусуна чалдыгыптыр, 2-3 күндөн кийин өлүп калат” – деп безилдеген. Бирок амалкөй, жеке кызыкчылык үчүн тоону да томкоруп жиберчү жайы бар Акун мындай ишти бекер эле жасабасы бештен белгилүү. Ошентип, Батукаев чыгарылгандан кийин Акыйкатчы  ийгиликтүү аткарган кызмат акысына (чечен улутундагы Адам аттуу адам экени айтылууда)100 миӊ доллар алыптыр деген кеп чыгып, ал сөз ошол кезеде парламентте да айтылган. Аны жазбаган ЖМКлар деле калбады. Өзү болсо, каратып туруп, эч кандай акча албаганын эмгиче безилдеп айтып жүрөт. Бирок бизге жеткен ишенимдүү маалыматтар боюнча ал алды делип жаткан 100 миӊ долларды Батукаев абактан чыгаарына 1 жылдай убакыт калган кезде эле Алматыдан чечен улутундагы адамдан алган экен. Бул боюнча эми Акун аксакал абийирине камчы чаппай өзү чыркыраган чындыкты айтып бериши керек.

Булак: Багыт