Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады. Жогоруда эки дарыгердин камалганын жаздык. Эми жакынкы күндөрү  бул ишке тиешеси бар делген дагы 3 дарыгер кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоӊ кызматты ээлеп турган. Азырынча ататрын жазбай туралы. Биринчиси Республикалык Кан борборунда убагында иштеген  аксакал адам, илимий даражалары да кыйла экен. Экинчиси менен үчүнчүсү ошол учурда Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп тургандар. Бул адамдар азыр сурак берип жатышат. Себеби, алар Батукаевдин дартын аныктоого чоӊ салым кошушкан. Бирок аларга жогорку жакта өкмөттүн деӊгээлинде буйрук болгонун да унутпашыбыз зарыл. Кыскасы, Батукаевди абактан чыгаргандар  боюнча кызыктар али алдыда. Буйруса, баары ачыкка чыгат.

Булак: Багыт