Элдик медицинанын башаты алгачкы адамзаты пайда болуп,  коомдук түзүлүш түзүлө  баштаганда башталган. Ал кездеги алгачкы коомдогу адамдар табигат менен тыгыз жашоого ыкташып, өзүнүн ооруларын табигый ыкмалар менен дарылоону үйрөнүшкөн. Бизге жеткен маалыматтардан кыргыз элинде деле башка көчмөн элдер сыяктуу, чыккан, сынган сөөктөрдү, муундарды ордуна салып, ооруну жеңилдетүүгө чөптөрдүн, суунун, күн нурунун дарылык касиеттерин пайдаланышкан.

18-19-кылымдарда апийимдин дарылык касиетин колдонуп, жаратылыштагы заттарды кеңири пайдаланып, анын ичинен өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарлардын эт-майларын дарычылыкка колдонууну билишкен.

Ал эми Кытай медицинасынын келип чыгуусун айта турган болсок, биздин элдик медицинадан айырмаланып, аларда жазуу түрүндөгү маалыматтар сакталып, анын башаты даосизм философиялык окуусуна барып такалат десек болот. Даосизм окуусу “Хуанди Нэйцзин” трактатында жазылып, биздин заманга чейинки III кылымда белгилүү болгон. Даосизмдин негизги багыты ар бир адамдын тагдыр жолу өзүнчө болорун аныктап, биздин азыркы түшүнүк боюнча табийгат менен бирдиктүү жуурулушуп жашоосуна түрткү берген. Ал эми биздин философиялык ой жүгүртүүбүз деле  табийгат менен ширелишип жашоого, теңирчилик заманында күнгө, отко сыйынуу, “Көкө- Теңирге” сыйынуу, сууга табынуу өз учурунда абдан бийик деңгээлге көтөрүлгөн.

Кыргыз  улуттук медицинабыздын өкүнүчтүү жагы Кытай медицинасынан айырмаланып, убагында жазуу түрүндө жазылып калбаганында. Ошентсе деле байыркы элдик эпосторубуздан байкалгандай, оозеки элдик чыгармаларда табыпчылык жөнүндө уламыш  укумдан-тукумга айтылып  келет.

 Биз эгерде элдик медицинабыздын ыкмаларын тактап  карай турган болсок, биринчиден табыпчылык ыкмасын өзгөчө белгилешибиз керек.

Табыпчылыкта тамыр кармап, ооруларды ысык-суу деп экиге бөлүү, тамактануу жолун көргөзүү, ысык болсо бейтапка мүнөздүү тамак берип же 20-30 күн кайнак суу менен ачка кармоо, суук болсо күчөтүлгөн тамак берип дарылоо кеңири колдонулган. Бизге калган уламыштардан кыл тамырчылар: “Ай балам, сен тамак жеп койгон турбайсыңбы? Ошону тамырың айтып жатпайбы. Эми кайрадан сууну ичүүнү улантасың” деген сөздөрдү азыркы күнгө чейин эл оозунан угуп жүрөбүз.Учурунда мен табыпчылык жөнүндө кенен-кесири макала жазуу максаты менен азыркы А. Осмонов атындагы Улуттук китепканага барып көпкө изденип жүрдүм. Нечендеген Совет мезгилиндеги гезиттик материлдарды карап чыгып ынанганым, бир  дагы  макалада табыпчылыктын ыкмасы жөнүндө айтылбастан, тескерисинче ошо табыптарды сындаган гана макалалар сакталып калыптыр. Ошол жерден  өзүмдүн №4 Башкы башкарманын ооруканасында,  азыркыча спец ооруканада дарыланып жүргөн пациентим, Кыргызстанды 24 жыл башкарган биздин атактуу инсан Турдакун Усубалиевге жолугуп: “Табыпчылык жөнүндөгү материалдарда   алардын ыкмасын жазбай эле сындай берген экен. Эмне үчүн андай болгон?” деп  сурасам, Турдакун Усубалиевич күлүп: “Учурунда ошондой мезгил болбодубу” деп жооткоткон. Ал мезгилде 1989-жылы Турдакун Усубалиев ардактуу эс алууга чыгып, борбордук китепканада консультант болуп иштеп жүргөн кези эле. Муну айткан себебим, Советтер Союз учурунда  элдик медицинаны өгөй баласындай карап, көңүл бурбагандыгында болгон. Ал эми Кытай Элдик Республикасы кыйын мезгилде улуттук салттуу медицинаны сактап, аны өнүктүрүүгө өзгөчө шарт түзүп берген.

Ошентип сөзүбүздү улантсак, ошого карабай азыркы мезгилге чейинки табыпчылыктын кээ бир ыкмалары эл арасында колдонулуп келет. Ошолордун бири “карттык” менен чегип кан алуу. Бул азыркы учурда эл арасында  “хиджама” деп колдонулуп жүрөт. Элдин түшүнүгүндө денедеги  бузук канды чыгаруу  оорусун   жеңилдейт деп  ойлоп, ошого ыктагандар дагы  эле бар. Ал эми сүлүк курт менен дарылоо азыркы учурда жаңы дем менен жакшы багытка чыкты десем жаңылышпайм.

Айбанаттардын өтүн, майын сыйпап, кээде этин дагы жеп: “кара чаар жыландын этин жедим, сары колтук баканын этинен айыктым” дегендер арабызда кездешкени менен, азыр ага ишенгендердин саны мурдагыдан кыйла азайып калды. Дегеле  өпкөсү ооруп, иттин же чочконун майын жегендер, денесине жаныбардын ысык терисин жаап дарылангандар байкап дарыланбаса, арасынан бооруна зыян келтирип, оорусун күчөтүп алгандар кездешет. Ал эми көк таш — “жез купоросу“,   сымап кошулмалары  жана башка минералдык заттарды колдонуу азыркы мезгилдин талабына ылайык аптекаларда же атайын фирмаларда гана жазылып, колдонулуп жатат.

Дары чөптөрдү кеңири колдонуу илгертеден бери келе жаткан кыргыз элиндеги кеңири дарылоочу  ыкма болуп эсептелет. Кийинки жылдарда дары өсүмдүктөрүнө жана алардын негизинде даярдалган препараттарды колдонууга болгон кызыгуу өсүп жатат. Дары өсүмдүктөрүнө болгон кызыгуунун себебин айтсак, алардын химиялык дарылардан айырмасы – адамдын организмине жеңил таасир көрсөтүп, организмди ууландырбагандыгы. Экинчиден, дары чөптөрдө көптөгөн биологиялык активдүү заттардын болушун жана алардын ден-соолукка ишеничтүү жардам бере алышын айтсак болот.  Биздин жаратылышыбыз илгертеден бери эле дары чөптөргө бай. Булардын ичинен көптөгөн чөптөр дарылык касиетке ээ. Алардын ичинен алтын тамыр, керечь, ферулла деген тамырлар өтө кеңири колдонулуп жатат. Ал эми уу коргошунду дарылык максатта колдонуу өтө кылдаттыкты талап кылат.

Менин көп жылдык дары чөп менен иштеген тажрыйбамдан   байкагандай, дары чөптү даярдоо, аны жыйнап, эрежелери менен туура пайдалануу, көптөгөн убактытты талап кылат. Ошондуктан дары чөп берүү менен дарылаган адистер, жалаң ошого ыңгайлашканы абзел.

Биздин элибиз көчмөн эл болгондуктан кийиз күйгүзүп, кандын агышын токтотуу, сыныкты шакшак менен байлап таңуу учурунда кеңири тараган. Азыркы мезгилде шакшакты колдонуу өзүнүн маанисин жоготуп, бейтапты алыскы райондон унаа менен борбордук ооруканага алып келүүдө гана колдонулат.

Биздин табыпчылык эмперикалык ыкма болсо деле, азыркы заманга ылайыкталган кээ бир өзгөчөлүктөрүн сактап келебиз. Анын ичинен эл арасында кеңири таралганы психотерапиялык багыт болуп эсептелет. Диндик, мистикалык багыттагы эмчилик-домчулуктун касиети эл арасында ушунучалык сиңгендиктен айрым бир алыскы аймактарыбызда өзүнүн касиетин жоготкон жок. Мен бала кезимен байкаган элдик ырым-жырымдар мисалы “ап-аптоо” алың куруп турганда өзүнүн жардамын берсе, өмүр бою ишенип калат экенсиң.  Өзүмдүн башымдан  өткөнүн айтсам, мен кичинекей кезимде айылбызда эмчи эже болор эле. Аны туугандарыбыз тергешип, “Жаман эже” деп коюшчу. Ал кишиге  бала кезимден эле өзгөчө сыйлоом болгондугуна байланыштуу кичине суук тийсе деле, өзүм барып кайрыла берчүмүн. Башыман акырын сылап, ап-аптап, кээде кычкачты отко салып  кызарта  ысытып, ооруган тамагыма суу бүркүп койгондо  сакайып кетчүмүн. Ошондуктан медицинага алгачкы кызыгуум ошол эженин таасиринен болгонбу деп кээде ойлонуп кетем. Ал киши тамашалап: “Сенин дагы касиетиң бар” деп күлүп калчу. Кийин эс тартканда тишим ооруп, молдого тиштин куртун түшүрөт экен дегенинен кайрылганым бар. Ишеничтин жоктугунан  уламбы, же бизге молдого каршы багыттаган мугалимдердин сөзүнөнбү, айтор  дем салуу учурунда көзүмдү чекчейтип, качан курту түшөт деп, карап отура бергем.  Көңүлүм келбегенден улам болсо керек, анда  тишимдин оорусу кичине да басылган эмес.

Ошентип биз мистикалык багыттагы эмдөө-домдоо ыкмасын айта турган болсок, теңирчиликтен калган бүбү-бакшылык биздин курактагы жарандарыбыздын эсинде калды. Мен билгенден биздин айылда  “Сары бакшы” деген бакшы болор эле. Ал кишини жакындан билген себебим, кийин Балыкчы шаарындагы биздин үйдө бир аз жашап калган. Мурда ал кишинин бакшылыгын угуп жүргөндөн кийин мен: “Чын эле сиз суук мезгилде жыңайлак Кочкордон Шамшынын белин ашып, Токмокко түшүп жүрдүңүз беле?” деп сурап калдым. “Сары бакшынын” добулбасы менен оттун үстүндө бийлегенин, карда жыңайлак жүргөнүн укканым бар эле. Кээ бир жин даарыган ооруларды кыйкырып-өкүрүп, камчы менен чаап дарылайт деп жүрүшчү. Менин врачтык кесипке багыт алганыма байланыштуубу, айтор, көп деле ачылып сүйлөгүсү келген жок. Мен деле ал кишини көп такып сурагандан айбыктым.

Кийин  небереси менен  мурда курсташ болгонумдан улам Кызарттагы атактуу Көчмамбет молдо менен кезигип, бул 1988-жылдары болуш керек эле. Анын дем салуу ыкмасын сураганымда, тамашага салып көп айткан эмес.  Ага чейин Балыкчыда жүрүп,  эл арасында барктуу  Кемел деген аяш атам инсульт менен ооруп калып,  ошо киши бир жак иштебеген ыптасын айыктырыш үчүн Көчмамбет молдону чакырып, он күнчө дарылантканын айтканы бар. Кемел аксакал эмоционалдуу түрдө “көзүмө жолборсту көрсөттү, аны-муну көрсөттү” деп бакылдап сүйлөп, бир жак колу-бутунун жакшы болгонун айтып берген эле.

 Мен өтө жакын болуп, көп сөздөрүн кулагыма түйгөн молдо, бул Кемин районунун Алмалуу айылындагы Алпамыш молдо болгон. Бул кишинин сырларын, тамыр кармаганын, дары чөп жасаганын, дуба окуганын 10 жылдан ашык байкап-көрүп жүрдүм. Өзү бир сырдуу, аз сүйлөгөн киши болчу. Ал кишинин боору, ашказаны ооруганына байланыштуу кези келгенде мен ал кишини дарылап,  тамырын кармап, заманбап дары-дармектерден берчүмүн. Ошону менен катар Алпамыш молдонун табыпчылык касиетин үйрөнүүгө аракет кылып, сөзгө көп тартчумун. Кээде акылдуу карыя  жомоктоп келип, айтор,  “сенин кызыгууң чоң” деп жылмайып калчу.

Кайра куруу заманы келгенден баштап, Кашпировский, Чумак дегендер телевизордон чыкканга улай биздин элде дагы ар түрдүү диний, мистикалык багыттагы, табыптар, көзү ачыктар, бүбү-бакшылар, экстрасенстер, парапсихологдор жаандан кийинки козу карындай көбөйгөнү ырас. Бирок азыр элдин табити бөлөк жакка ооп, заманбап медицинанын деңгээлин түшүнө баштагандан бери аларга болгон кызыгуу да азая баштады. Булардын арасынан көзү ачык дегендер айланы алты кетирет. Булар чоң психолог болгондуктан ар бир адам эмне максат менен келгенин  даана билет. Көбүнчө аял кишилер кайрылгандыктан алардын жашына  карай  эмне көйгөйдү чечүүгө келгенин баамдашат. Көзү ачыктардын бир эле ыкмасы,  кайрылып келген аялдын сөзүн байкап, өзүнүн эле сөзүн кайра билгичтик кылып, татаалдаштырып айтып берет. Үй-бүлө көйгөйүнөн айласы куруган андай аял эмне сүйлөп жатканын деле баамдабай калат. “Сенин жолуңду бууп, күйөөңдүн башын айлантып алган турбайбы, кара дуба окутуп салыптыр” деп даана таалуу жерине таасир этет. “Сенин биягың ооруп жатыптыр, эски ооруларың козголуп калыптыр. Ошонун баары кара дубадан” деп жубайлардын мамилесине бүлүк салган көзү ачыктар азыр деле көп кездешет.

Эми жыйынтыктап айтсак, илгертеден бери келе жаткан Гиппократтын осуяты элдик табыптарга дагы тиешелүү десем жаңылышпайм. Элдердин  талабына ылайык  азыркы мезгилде деле табыпчылыктын кээ бир ыкмаларын колдонсо болот. Бирок ошо ыкма бейтаптын психологиясына тескери таасир берип, анын дартын кайра козгобошу керек. Дегеле элдик медицинабы, салттуу медицина болобу, расмий медицина болобу баардыгы мезгилдин шартка  ылайык бейтаптарды натыйжалуу дарылоого тийиш. Ал эми Кытай медицинасы жөнүндө сөз кылганда, фирмалардан чыккан атын биз окуй албаган белгисиз дарылар азыр көп сунушталып жатат. Өзүнүн ден-соолугун барктаган адам ар бир дарыны ичерде, ар бир дарыгерди тандоодо шашпай ойлонуп чечүүсү зарыл. Дегеле оору жөнүндө сөз болгондо кесипкөй дабагерге кайрылсаң кандай абал болсо дагы анын натыйжасын билип, суроо-талабың болсо мыйзамдуу түрдө сурай аласың.

        Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис-дабагер.