—Дамира эже,  КСДП экиге бөлүнүп,  ушундай ахыбалга түшүп калганы боюнча эмне айтасыз?

—Албетте, өкүнүчтүү маселе болуп калды. Мындай деӊгээлге жетип, бөлүнүп-жарылбай эле койсо жакшы болмок. Бирок ушул маселенин келип чыгышына Атамбаевдин да өзүнүн чоӊ жоопкерчилиги бар. Эмнеге дегенде, Атамбаев убагында премьер, андан кийин президент болуп турганда партияны өзү карабай, жетекчиликти тажрыйбасы,жөндөмү жок адамдарга берип койгон. Ошол мезгилде КСДПнын кыйроо ,талкалануу доору башталган деп ойлойм. Анткени, партияга жан-дили менен берилип кызмат  кылышкан карапайым мүчөлөрдүн жүйөөлүү сөздөрү, сунуштары жана элдин сын пикирлери угулбай, көңүл да бурулбай калган. Алмазбек Шаршенович президент болуп турганда, партияда болуп жаткан көйгөйдү айтканы кирсем, тилекке каршы, уккусу келбей койду.  Нааразычылыктар башталганда эле калыс, туура чечип койсо, мынчалыкка жетпейт эле деп ойлойм. Жыйынтыгы ушундай болуп калбадыбы. Абдан кейиштүү…  Менимче, азыр экиге бөлүнгөн КСДПнын келечеги күмөн ойду туудурат. Чоӊ ийгиликтерди багынтып, калыӊ элди артынан ээрчитет деп айтуу кыйын.  

—Сиз Атамбаев менен акыркы жолу качан жолуктуӊуз?

—Акыркы жолу КСДП бөлүнө элек кезде, курултай болду эле, мына ошол жерден ал кишиге учурашкам. Бирок сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Негизи менин Атамбаевге , жеке эч кандай таарынычым, дооматым деле жок. Ал киши  тууралуу деле жаман айтуудан алысмын. Бирок партиянын лидери катары айта  турган кептерим бар болчу. Бирок акыркы 3-4 жылда ал кептерди айтууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Сиз Сооронбай Жээнбековдун шайлоодо ишенимдүү өкүлү болуп иштеп, анын жеӊишине өз салымыӊызды кошкон адамсыз. Бирок сизди президент  бир жарым жылдан бери кызматка  чакырган жок. Бул маселе тууралуу бир топ ЖМКлар да кез-кези менен жазып келишет. Себеби, эмнеде?

—Ушул суроону мага көп журналисттер узатышты. Сен да бүгүн кайрадан козгоп жатасыӊ. Себебин, чынында билбейм. Сооронбай Шариповичтин мүмкүн өзүнүн ойлогон ою бардыр, мүмкүн мен татыксыз кадрмын. Айтор, мен өзүм кайсы бир кызматты суранган жокмун. Эгерде мага мүмкүнчүлүк түзүлүп калса, учурда  иштей албай жаткан айрым атка минерлерге караганда таасирдүү жана жыйынтыгын көргөзө турган реформаларга бармакмын.

—Президенттин жалпы саясатына кандай баа бересиз? Кандай жылыштарды байкап жатасыз?

—Чынын айтышыбыз керек, бүгүнкү күндө кандайдыр бир чоӊ жылыштар, чоӊ жаӊылыктар байкала элек. Мезгил өткөн сайын турмуш улам жаӊы багыттарды, башкача иштерди талап кыла  турганын баарыбыз билебиз. Андыктан мезгилдин агымынан калбай, президент тарабынан, өкмөт тараптан жакшы иштер жасалып турса, баарыбыз кубанабыз да. Элибиз ,азыр баардык нерсени   анализдеп жигердүү өзгөрүүлөрдү күтүүдө.  Негизи, Сооронбай Шариповичтен элдин үмүтү абдан чоң.  Алдыда дагы иштей турган 4 жылдан ашуун убактысы бар. Мен алдыда көпчүлүк менен бирге, президент тарабынан жакшы иштер, өлкөнү өзгөртө турган реформалар жасалат деп ишенем

—Өкмөттө да кыйла  иштеп, өкмөттүн ишин ичинен жакшы билесиз. Учурдагы өкмөттүн ишине кандай баа бересиз? Катуу сынга кабылып жатса да, президенттин колдоосу менен кызматтан кетпей калбадыбы…

—Азыркы өкмөт сындан башы чыкпай келаткан өкмөт болуп калбадыбы. Туура сындар айтылып жатат. Мен да андай сындардын көбүнө кошулам. Албетте,  өкмөткө, өкмөттүн мүчөлөрүнө өзүн көрсөткөнгө убакыт берилиши керек. Бирок өзүн көрсөтө албаган соӊ, токтоосуз эле алмаштырып койгон жакшы. Азыркы өкмөт президенттин мындай колдоосу менен дагы бир топ мезгилге чейин иштейт, балким парламенттик шайлоону да өткөзөт деп ойлом. Бирок канча мезгил кызматта болсо да, ишинен жыйынтык чыгарып, үмүт артып олтурган элдин үмүтүн актап, таза, мыкты иштеши керек. Социалдык тармакта жакшы  реформалык иштер жасалса, эл ыраазы болот эле. Башкасын коё туруп, мектеп, бала-бакча маселесин алалычы. Баягы эле акча чогултмай, баягы эле сапатсыз китептерди чыгармай иштери улантылып, керек болсо көбөйүп жатат. Кылмыш иши козголуп жатса да бир да министр уялып элден кечирим сурап отставкага кетпеди. Европада бир министр унаа айдап келе жатып жол эрежесин бузганы коомго маалым болуп калып өзү эле отставкага кетти. Аттиң, бизде андай маданият жок. Мамлекеттик органдарды Эсеп  палатасы жылда бир текшерет, бирок тилекке каршы каржы маселесине гана көңүл буруп, ошол эле учурда ишти жигердүү алып барып жатабы же жокпу деген суроого жооп бербей келишет. Бул ыкма мыйзамдын да, мезгилдин да талабы  болуп турат. Эгерде жылда ар бир министрликке ошондой баа берилип турса ишти алып бара албаган жетекчилер тааныш-билишине карабай автоматтуу түрдө отставкага кетишмек. Ошентип элдин да сын-пикирлери, нааразычылыгы болмок эмес.

—Сиз бир кезде Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектегенсиз. Азыркы министр Чолпонбаевге катуу сындар айтылып жатпайбы. Себеби, ага мурун кылмыш иши козголуптур, кызматка келери менен грантка келген каражатка (82 миӊ доллар) өзүнө кызматтык унаа алып алды. Деги эле бул адамды жакшы билесиз да. Анын ишмердүүлүгү боюнча эмне айтасыз?

—Ал кишинин кемчиликтерин мына өзүӊ айтып койбодуӊбу. Мен министрди  тааныйм. Экөөбүз бир окуу жайды бүткөнбүз. Адам катары жакшы адам. Менин кесиптешим, андыктан мен ал тууралуу жаман кеп айта албайм.  Бирок министрлик кызматка дайындыгы жок эле келип калды. Деги эле Саламаттыкты сактоо министри эле эмес, көп эле министрлер кызматка эч дайындыгы, тажрыйбасы жок эле жогорку жактын колдоосу менен келип жатышпайбы. Илгеркидей, кызматта ар бир тепкичти басып, тажрыйба топтоо деген такыр жок болуп баратат. Керек болсо, бир кичинекей ишкананы башкарбаган адамдар асмандан парашют менен  түшкөнсүп эле, элди таӊ калтырып, чоӊ кызматка олтуруп калып жатышпайбы. Ошон үчүн иштеген иштеринде ийгиликтер жаралбай жатат. Эгер биз өлкөбүздү, башкаруу системабызды оӊдойбуз, экономиканы көтөрөбүз десек, ушул кадр маселесине чоң көңүл буруш керек. Мамлекеттик кадр агенттиги бар, мына ошолордун мүмкүнчүлүктөру менен кадр дайындоо маселесин жаңы тепкичке чыгарса “парашютисттер” азаймак.  

Шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун даярдап жатышпайбы. Мисалы, 9 пайыздык босогону алалы… Сиз мындай ыкманы туура көрөсүзбү?

—Туура көрбөйт элем. Бул деген шайлоодо олигархтар эле өтөт дегенди билдирет да. 9 пайыз деген өтө чоӊ. 5 пайыз менен калса деле оӊой эмес болчу. Биз Баш мыйзамдын айрым беренелери менен партиялык коррупцияга жол ачып койдук. Бул жакшы эмес. Бизде партиялык коррупция өзгөчө шайлоо убагында  укмуш гүлдөп жатат. Партия лидерлери  өзүн Кудай сезип, тизмени акча бергендерине жараша жазып, каалагандай калчагысы келет.  Ошого жараша, мыйзамдан жылчык издешүүдө. Мен буга дайыма каршы болуп келгем.  Көп эле партия сөрөйлөр акчасына таянып гана иш кылып калышты. Эртеӊ шайлоо болот дегенде гана элге акча таратып, парламентке келип калып жатышат. Элди да катуу күнөөлөгөн болбойт.

Эмнеге дегенде эл ичинде жетишпеген турмушта, керек болсо наны жок олтургандар да аз эмес. Анан бир үй-бүлөөгө 5 миӊ сом, же 20 миӊ сом берсе, алар андай акчадан баш тартпайт да. “Эртеӊки куйруктан, бүгүнкү өпкө артык” деп, туш келгенин, акча бергенин шайлап коё берет.  Ушундай көрүнүштөн улам, жалпы мамлекет азап тартып жатат.  

—Сиз парламенттик шайлоого катышасызбы? Кайсы партиядан көрө алабыз?

—Кудай буйруса, аманчылык болсо шайлоого  катышам. Бирок кайсы партия менен бара турганым,  азырынча чечиле элек. Бул жагы эрте. Мен депутат болуп турганда бир топ иштерди баштап, мыйзамдарды жазгам. Кээ бир иштерим 70-80 пайызга бүтүп, бирок алдыга жылбай турат. Мына ошондой иштеримди алдыга жылдырсамбы деген ниетим бар эле. Баары Кудайдын буйруганындай  болот. Буйруп калса, эл үчүн иштейбиз. Депутат болбой калсак деле, өз иштерибизди улантып, коомдук иштерге активдүү катыша беребиз деген ойдомун.

—Жакында айрым ЖМКлар  сиздин кайрымдуулук иштериӊизди сынга алып, шайлоонун алдындагы аракеттер деп жазып чыгышты. Бул боюнча айта турганыӊыз барбы?

—Андай акылга сыйбаган сындарды менин саясый оппоненттерим эле жаздырып жатышса керек. Бирок мындай көрө албастык Алланын алдында абдан чоӊ күнөө да. Мен кайрымдуулук иштери менен эми эле алектенип калганым жок. Көп жылдан бери эле колумдан келишинче муктаждарга жардамымды берип келатам. Мен бул багытта бир топ иш кылганымды өзүм да унутуп калыптырмын. Азыр айрымдар жолугуп, бир кезде жасаган жакшы иштеримди, жардамымды айтып жатышат. Менин кайрымдуулук иштеримдин шайлоого эч кандай байланышы жок. Рамазан айынын алдына өзүм муктаж үй-бүлөлөргө жардам кылууну максат кылгам, азыр ошол иштерди жүргүзүп жатабыз. Садаганын эки түрү болот. Биринчиси милдеттүү садага. Экинчиси көӊүлдөн чыккан садага. Биз мүмкүнчүлүк болуп турганда, жардамга муктаждарга жардамыбызды аябашыбыз керек.

—Муктаждарга акчалай эмес, мал алып берүү ыкмасына өткөнүӊүзгө эмне себеп болду?

—Себеби, колуна акча карматсак, ар кандай болуп, жок болуп кетет экен. Аны да көрдүк да. 5 жыл мурун мен мал алып бербей эле жөн эле акча берчүбүз да.  Жакынкы айларда Жумгалдагы 26 үй-бүлөгө миллион сомго жакын каражатка мал алып бердик. Мисалы, такыр малы жок үй-бүлөгө 10 бооз кой алып берген учурлар болду. 2 айдан кийин ал койлор төлдөп, 20 баш болуп калды. Малы жок адамга  20 жандык жакшы эмеспи. Баарына бир учурда алып берүү да кыйын экен. Себеби, керек учурда керектүү санда мал да табылбай калып жатты сатып алганга. Бул багытта дагы иштерди улантабыз. Ушул Рамазан айында дагы 15тей үй-бүлөгө мал алып берейин деп максат кылып жатам.  Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, бир жылда, райондон 40-50 үй-бүлөнү жакырчылык жашоодон чыгарып, көтөрмөлөп алсак деп үмүттөнөм

      Мен жардам берген адамдардын ар биринин үйүнө кирдим, жашоо-шартын көрдүм, чын эле жүрөк ооруйт. Ошон үчүн бир жолу жардам берип тим болбой, мүмкүнчүлүккө жараша мындан ары да жардам берип турайын деп өзүмө сөз бердим. Жардамга муктаж бир үй-бүлөгө үй салып берүүнү убада кылгам. Алардын эки жаш баласы бар, үй жок.  Буйруса, үй салып беребиз.  Ошондуктан мен колунда бар байларга айтып, чакырык таштайт элем, байлыгыӊарды Акыретке алып кете албайсыңар,ал жака сооп иштерди гана алып кете аласыздар . Чыныгы муктаждарга жардамыӊарды аябагыла. Кайрымдуулук кылган адамдын байлыгы эч качан кемип калбайт. Тескерисинче, берекелүү болот. Жакшылык кылуу жакшы иштердин санын көбөйтүү сооп алып келет эмеспи.

                                                                Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ