Орозо – бул адамдын дене жана руханий ден-соолугу үчүн аба, суу, тамак-аш, уйку, кыймыл сыяктуу табигий зарыл нерсе. Узагыраак мөөнөт тамак-аш ичпей же уктабай жүргөн адам ооруган сыяктуу эле, эч качан орозо кармабаган адам дагы дененин жана рухтун түрдүү ооруларына чалдыгат.

Болгону биз өзүбүз үчүн белгилүү деңгээлде пайда алып келген азыктануу менен уйкуну табиятыбызга сиңиргенбиз. Орозону дагы табиятка сиңириш үчүн “Оо, Алланын Элчиси мага Аллахтан пайда алып келчү бир иш тапшыр”,- деген Абу Умамага, Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): “Орозо карма, чындыгында ага теңелчү эч нерсе жок”, — деп буйрук кылган.

Колумбиялык психологиялык мектептин өкүлү Том Бёрнс Орозо тууралуу кийинки ойлорун баяндаган:

«Мен орозону дене үчүн эмес, көбүнчөсүн рух үчүн терең сыноо деп эсептейм. Орозо тутууну ашыкча салмагымдан кутулуу ниети менен баштасам да мен өзүм үчүн чоң ачылыш кылдым – орозо акылдын өрчүшүнө пайдалуу экен. Ал бардык нерсени тунук кабыл алууга шарт түзөт, ошол эле убакта жаңы ойлорду жана идеяларды пайда кылып, сезимдерди бир нукка бурууга жардам берет экен. Орозо кармаганыма бир нече күн өтпөй эле мен эбегейсиз руханий жогорулоону сездим… Башында организмди ашыкча азыктардын калдыктарынан тазалоону каалайт элем, азыр болсо рухумду өмүр бою жыйнап алган терс нерселерден арылтууга ниеттендим… Мен көрө албастык, оройлук, өзүмчүлдүк сыяктуу бардык терс нерселерден оолактап калганымды сездим. Ошондой эле рухумду ээлеп алган коркуу, көңүл чөгүү, жатып ичерликке окшогон сезимдерден кутулдум… Орозо абалымда мага адамдардын дагы жакшы мамиле кылгандарын сездим. Мен Түркия, Сирия, Аль-Кудста Рамазандын урматында бир ай бою созулган руханий мааракелерди уюштурган мусулмандарды көп көрдүм, мындай нерсени мен дүйнөнүн башка мамлекеттеринде эч качан көргөн эмесмин».

Урматтуу мекендештер, кармап баштаган отуз күндүк Орозоңуз кут болсун!

Орозонун организмге пайдалуу жактарын изилдген япон окумуштуусу

Үч  жыл мурун япониялык окумуштуу Ёсинори Осуми орозо кармоо ден- соолукка пайдалуу экендигин далилдеп, Нобель сыйлыгына татыганы маалым.
Япониянын молекулярдык биологу, окумуштуусу Ёсинори Осуми физиология жана медицина тармагында аутофагия механизмдерин изилдегени үчүнмындай дүйнөлүк  абройлуу сыйлыкка татыктуу болгон. Осуми Токио технологиялык институтунда иштейт. Аутофагия – бул организмдеги керексиз клеткалардын кайра иштетилүү жана тазалануу процесси. Грек тилинен алынып, «өзүн-өзү жеген» деп которулат. Аутофагия процесси тууралуу окумуштуулар өткөн кылымдын 60-жылдарында эле кабардар болушкан, бирок анын иштөө механизмин толугу менен түшүнө алышкан эмес. Ал эми биз сөз кылып жаткан окумуштуу Осуми изилдөө ишинин жыйынтыгында бул процесс үчүн жооп бере турган гендерди да таап чыккан.
Ёсинори Осуминин ачылышына таянсак, клеткалардагы «таштанды заттар» атайын «аутофагосома» деген капка чогулуп, лизосома контейнерине жайгашат. Лизосомада таштанды заттар өзүнөн өзү жок болот же кайра иштетилет. Кайра иштетилген заттар жаңы клеткалардын пайда болуусу үчүн «куруучу блок» кызматын аткарат. Аутофагиянын аркасында организм түрдүү инфекциялар менен токсиндерден кутулат. Бул пайдалуу процесс организм стрессти сезгенде, мисалы, ачка болгондо интенсивдүү түрдө иштей баштайт. Аутофагиянын жардамы менен клетка ар кандай токсиндерден жана ага түшкөн жугуштуу ылаңдан тазаланат. Мындан улам ачка болуу же орозо кармоо ден-соолукка пайдалуу экендиги, бул учурда организм толугу менен тазаланары Нобелдик комитет табарынан тастыкталган.
Ёсинори Осуми 1945-жылы туулган. Ал медицина багыты боюнча 107-лауреаты болуп эсептелет.

                                                                               Багыт. Kg