Социалдык өнүктүрүү министрлигинин быйыл, 1-майга карата берген маалыматы боюнча, жалпы өлкө боюнча Экинчи Дүйнөлүк согуштун 344 ардагери жашайт. Анын ичинен 86сы согуштун майыбы, 217си катышуучулары, 17си концлагердин жашы жете элек туткундары, 24 ардагер Ленинград блокадачылары.

Президенттин 30-апрелдеги жардыгы менен Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына быйыл 9-майда согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына жана Ленинград блокадачыларына президенттин резервдик фондунан 20 миң сомдон төлөнүп берилет. Мындан тышкары жыл сайын Жеңиш күнүнө карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул республикалык бюджеттен төлөнөт.

Согуш ардагерлеринен тышкары Кыргызстанда тылда иштеген 2123 адам, төрт жумушчу батальондун мүчөсү бар.
Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын берилүүчү жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация төлөнөт:

— Согуштун майыптарына жана катышуучуларына, Ленинград блокадачыларына жана концлагердин жашы жете элек туткундарына- 7000 сомдон ;

-Майыптуулугу бар тылдын эмгекчилерине жана жумушчу батальон мүчөлөрүнө — 2000 сомдон;

-Ата Мекендик согушта жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө — 1000 сомдон;

Мындан тышкары согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары Кыргызстандын президентинин өмүр бою берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендиясын ай сайын алышат.

1941-1945-жылдагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 74 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар согушта курман болгон.

Булак: Азаттык