Элге жексур көрүнүп калган жетекчи сөрөйлөр бизде ого эле көп. Таза, мыйзамды сыйлап иштегендерди  “ күндүзү  да “чырак” менен издеп табуу кыйын”. Мына ушундай артынан жакшы сөз ээрчитпеген, ар дайым былык иштери былгып чыгып, элдин сынына кабылып келаткан Нурлан Койчубаков деген атка минер бар. Бул адамды мэр Суракматов   Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек автотранспорттук ишканасы”  муниципалдык ишканасынын жетекчиси кылып, өткөн жылдын этегинде дайындаган. Көрсө, ал  мэр Суракматовдун көздөй курсташы, жакын досу турбайбы. Койчубаков Бакиевдин учурунда ЖКда “Ак жол” партиясынан  депутат болуп, “Каркыраны” казактардын колуна кармата салып, ошондон бери калктын  каргышына  калгандардын бири. Кыргыздын баа жеткис жерин бөтөн элге бөктөрүп берип жаткан эргул, башканы аяйбы? Деги эле  Бакиевдин көчүгүнө пахта коюп жүрүшкөн АРЗЫМАТТАР  ушул күнгө чейин ар кандай кызматтарда беттерин тултуйтуп, жалаң жеке кызыкчылыктын урааны менен иштеп жатышат. Койчубаков да ошондой кокуйлардын бири экенин эл да, ал тургай өзү деле эң сонун билет. Койчубаковдун  тендерлерди өткөрүү боюнча аракеттеринен улам  коррупцияга каршы кандай  аракеттер  болуп жаткандыгы боюнча маалыматты биз мамлекеттик сатып алуулар департаментинин http://zakupki.gov.kg  сайтынан көрсөк болот. Эми окурмандарга четинен ирети менен тизмектеп берели. Алгач окурмандарга Койчубаковдун тендерлерге катышууга “өтө уста”  болуп, далай “чөнтөк ысытмайды” баштан кечирген адам экенин баса белгилеп айта кетели. Анткени Койчубаков   «Ема КГ» деген фирманын 50 пайызына ээлик кылат. Жарымына  кытайлык Чен Ган деген ишкер ээ экен.  «Ема КГ» ЖЧКсынын директору Аттокуров Талантбек Бактыбекович деген атуул. Бул фирма Кытайдан ар кандай тетиктерди алып келүү менен тендерлерге катышып келген фирма болуп саналат. Ушул макалада аталган фирма жана анын директору тууралуу да кеп соңунда сөз кылабыз.

Быйыл 23-январда «Бишкек автотранспорттук ишканасы”  муниципалдык ишканасы 18 200 000  сомго 400 000 литр (дизелдик күйүүчү) май алуу боюнча   №190123145892327 тендерди жарыялаган.

Биринчи тендер: жаңы түзүлгөн фирма күчтүү фирмаларды артка калтырып…

Жыйынтыгында:  2019-жылы 19-февралда конкурстук комиссия бул тендер боюнча ОсОО «Премиум Импорт» ишканасын жеңүүчү деп таап, ушул компания менен 15 960 000 сомго келишим түзөт. Эске сала кетсек, ал кезде  1 литр солярканын баасы 39,9 сомго жетип турган. Кызык жери тендерде жеңүүчү болуп чыккан «Премиум Импорт» фирмасы өзүнөн  кыйла күчтүү: «Газпромнефть Азия» ЖЧК, «Нефтяная компания Сервис» ЖЧК, «Мунай Инвест» ЖЧК, «Партнер Нефть» ЖЧК сыяктуу фирмаларды артка калтырып, алдыга озуп чыккан. Эмнеге дегенде бул жаңы гана түзүлө калган фирма, так айтканда Юстиция министрлигинин register.minjust.gov.kg сайтындагы маалыматка таянсак «Премиум импорт» ЖЧКсы  2019-жылдын 23-январында түзүлүп,  анын ээси жана директору катары Жумашбеков Сейит Бакытбекович  көрсөтүлгөн. Ошентип бул фирманын түзүлө калып эле, 16 миллион сомдук  тендерди утуп жатканында бир эмес, миң мандем бар десек жаңылышпайбыз. Болбосо, жаңы түзүлгөн аты-жыты жок фирма килтейген “Газпромнефть Азия» компанияларын артка калтырганы чынында эле абдан таң калычтуу.

Эн кызык жери  «Бишкек автотранспорттук ишканасы”  муниципалдык ишканасынын дизелдик куюучу май сатып алуу тендеринде коюлган талап боюнча, тендерге катышкан ишкана күйүүчү майды сатуу  боюнча иш тажрыйбасын көрсөтүү үчүн көлөмү 15 млн.сомдон кем эмес эки келишимди порталга тиркөөсү  зарыл болчу.

«Премиум импорт» ЖЧКсы тендердин  ушул талабын аткаруу үчүн башка бир фирма менен өтө бир күмөн жараткан келишимди түзүп алган. Атап айтканда келишим документацияга 2019-жылдын февраль айында «Евратэк» ЖЧКсы  жана «Континент Логистик» ЖЧКсы түзүлгөн. Анан жалпы  баасы 17 272 216,1 сом болгон эки келишимди тиркеп койгон. Бирок 17 миллиондон ашуун каражатка түзүлгөн күйүүчү май чын эле эки фирмага жүктөлгөнбү, же жүктөлгөн эмеспи, бул боюнча да алдыга жая салып көрсөтө турган далилдер жок. Бул  маселенин чын төгүнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына аныктап чыгышы керек.

  Эмнеге дегенде, Финансы министрлигинин ачык бюджет порталындагы маалыматтар боюнча «Евратек» ЖЧКу 17.08.2016 — 24.12.2018 аралыгында бюджетке болгону 764 833 сом салык төлөптүр. Ал эми «Континент логистик» ЖЧКсы 27.03.2015 — 04.12.2018 аралыгында бюджетке 184 392 сом салык төккөн.

Мына болгону ушундай аз суммада гана  салык төлөгөн бул эки фирма  жаңы гана түзүлгөн «Премиум импорт» ЖЧКсынан кантип эле 17 272 216,1 сомдук күйүүчү май сатып ала калсын. Белгилей кетчү нерсе  «Евратэк» ЖЧК  жана «Континент Логистик» ЖЧКсында Рысмамат уулу Саматбектин иш-аракеттери күмөн туудурат.  

Ушул маалыматтардын негизинде «Премиум импорт» ЖЧКсы  «Евратэк» ЖЧК  жана «Континент Логистик» ЖЧКсы менен 2019-жылдын февраль айында 17 272 216,1 сомго тузулгон куйуучу май сатып алуу келишими  түзүлгөнү менен аларга  жеткирүү иши болдубу, айтор  анысы да белгисиз.

Экинчи тендерде да: 16 миллион сом уткан «Премиум импорт» фирмасы Койчубаковдун өзүнүкүбү?

Эми дагы эле оозду ачытырып, таң калдырган экинчи тендер тууралуу кеп козгойлу. «Бишкек автотранспорттук ишканасы”  муниципалдык ишканасы ушул жылдын 29- мартында 16 000 000 сомго 400 000 литр дизелдик куюучу май сатып алуу боюнча тендерин жарыялаган.

26- апрелде  тендердин жыйынтыгы чыгып, жеңүүчү болуп, баягы эле «Премиум импорт» (15 580 000 сунуштаган. 1 литир солярканын баасы 38 сом 95 тыйын) ЖЧКсы  табылган. Бул жолку тендерге «Газпром Нефть Азия» сыяктуу чоң компаниялар катышканы менен, ал да четке сүрүлүп ташталган.

  «Премиум импорт» фирмасы тендердин талабы боюнча иш тажрыйбасы, буга чейин  аткарган иш көлөмү 15 миллиондон сомдон болсун деген талапка жооп катары биринчи февраль айындагы  тендерде уткан 16  миллион сомдук жалгыз гана  ишин тиркеген. Ал эми көп күмөн ойду жараткан   «Евратэк» ЖЧК  жана «Континент Логистик» ЖЧКсы менен 2019-жылдын февраль айында 17 272 216,1 сомго түзүлгөн күйүүчү май сатып алуу келишими документте көрсөткөн эмес. Ошентип,  30 миллион сомдон ашуун каражатты чапчыган эки тендерди тең «Премиум импорт» фирмасынын утуп чыгышына ким кызыкдар. Албетте, тендерди өткөргөндөр, жеке пайда көргөндөр. Койчубаков болсо эле, бир фирманы кече эле минтип алдыга сүрөп, эки ирет 1 5 миллиондон кем эмес сумманы “сугунтпайт” болчу. Чынында бул жерде чоң мандем, чоң кызыкчылык бар. Балким, «Премиум импорт» деген “чемпион”, эрке талтаң компания «Бишкек автотранспорттук”  ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковго түздөн-түз тиешеси бар болуп жүрбөсүн?  Бул тууралуу өзү деле элге абийирине камчы салбай, Кудайдын жана 7 атасынын арбагынын алдында акмын деп, болгонун болгондой, ачык айтып  айтып койбойбу.

Ширшовдун схемасынан кем калышпайт …

Майда-чүйдө тендерлеге анчалык көңүл бурбаган Койчубаков Нурлан жалаң гана чоң тендерлерде гана өз кызыкчылыгын ойлоорун кийинки тендерлерден да анык байкалып турат.

«Бишкек автотранспорттук ишканасы»  муниципалдык ишканасынын  ушул жылдын 19-февраль автобустарга тетиктерди сатып алуу боюнча №190219147791074 тендерин жарыялаган. 

 Бул тендерде тетиктердин саны көп болгондуктан ( L001-01 : Форсунки на автобусы Ясинь модель JS6851H1 Евро 3 2009-2010 г. в. лоту боюнча ) «М-Дженерейшн» ЖЧКсы 4 480 000 сомго уткан.

 Юстиция министрлигинин сайтында «М-Дженерейшн» ЖЧКсынын учредители жана директору катары Баетов Адыл Шаршенбекович көрсөтүлгөн. Аталган фирма 2018- жылдын 28-ноябрда Юстиция министрлигинен кайрадан катттодон өтүп, ушул тендерге даярдыгын баштаган.

Ачык бюджет порталынын маалыматы боюнча «М-Дженерейшн» ЖЧКсы бюджетке 2017-2018 жылдар аралыгында салык катары болгону 1 478 сом төлөгөн.  Ошондой эле  Бул фирмада Аттокуров Т.Б. жараны аркылуу мусорго болгон төлөм төлөнгөн. Эске сала кетсек,  Аттокуров Т.Б. деген фамилияны «Ема КГ» ЖЧКсынан кезиктирүүгө болот.

Бул макаланын башында кеп кылган Нурлан Койчубаковдун  «Ема КГ» фирмасы көптөгөн  тендерлерге катышып келген фирмалардын бири, бул фирмага байланыштууТранспорт министрлигине алып келген жабдыктар боюнча өзүнчө соттук иштер да болгону маалым. Бир сөз менен айтканда  Койчубаковдун тендерлер боюнча схемасы Ширшовдун схемасынан кем калышпай, ал тургай ашып жатканы да байкалат.

Бишкекке 60 автобус алып келүү боюнча өткөн тендердеги “Теңин бер” схемасы…

Дагы бир тендерди мисал кылып кетели: Мэриянын 60 автобус сатып алуу боюнча тендерин кытайлык Ютонг компаниясы утуп алганы «Бишкек автотранспорттук ишканасы»  муниципалдык ишканасынын директору Койчубаков Нурландын 26- апрель 2019 ж. 24.kg сайтына берген маалыматында ар бир автобустун баасы 71 800 доллар болгонун айтып турат.

Бизге маалым болгондой автобустардын тендерине катышкан Beiqi Foton motor Co.,Ltd компаниясы  бул тендерде бир автобустун баасын узундугу 10,5 метр, механика КПП, “рессордук подвескада”  68 500 доллар, ал эми узундугу 10,5 метр, механика КПП  “пневма подвеска” болгон автобустун баасы 71 000 доллар болгондугун кабарлады.

            Бирок мэри аталган компанияны  тендер боюнча  кепилдикти камсыз кылгандыгына карабай, тендердик комиссия кепилдик камсыздоосу жок деген тыянак менен тендерден чыгарып салган.          Ошондой эле Beiqi Foton motor Co.,Ltd компаниясынын автобустарында атайын “инвалидтик зона” менен камсыз болгондугун белгилеп кетишти.        Бул компаниянын Москвадагы өкүлү тендер боюнча арызын Финансы министрлигинини сатып алуулар департаментине, Финансы полициясына, ал эми Финансы полициясы Бишкек прокуратурасына жиберип, сотко кайрылгыла деген жоопту алышканын билдирди.

            Тендерде жеңүүчүнү шашып тандоо, ошондой эле алар менен жаңы жылга чейин тез арада келишимге кол коюшу бизди таң калтырды деп билдиришти.   Эгерде биз Beiqi Foton motor Co.,Ltd компаниясы берген баа менен 60 автобустун баасын эсептесек (68 500 х 60 авт) 4 110 000 доллар болот экен. Ал эми “пневмоподвеска” менен берилген баа боюнча эсептесек (71 000 х 60 авт) 4 260 000 долларды түзөт экен. Эми мэрия алган автобустун баасын чыгаралы 60 автобус х 71 800 долл. эсептегенде 4 308 800 доллар болот.

            Айырмасы биринчи “рессор подвескасы” менен автобус боюнча мамлекетке келтирилген зыян 198 800 долларды түзөт, “пневмоподвеска” менен зыян 48 800 долларды түзөт.   Чынында Койчубаков Нурлан 26-апрелде 24.kgге берген маалыматында Beiqi Foton motor Co.,Ltd  компаниясы берген бааларды жашырып, сөздү  Түркиянын,  Россиянын жана Европанын автобустарынын баалары кымбат экен деп, коомдун көңүлүн башкага буруп, чындыкты жашырып койгон.

Президенттик аппарат, өкмөт,  парламент, Башкы прокуратура УКМК баштаган укук коргооо органдары Бишкек мэриясында ушундай өзүм билемдик схемалар менен өтүп жаткан тендерлерди текши текшерип чыгышы керек. Аны менен бирге Койчубаков менен Суракматовдун “тендер – коррупциясынын” да бети ачылат эле…