Улуттук статистика комитети 2019-жылдын алгачкы айына карата Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин саны 27 767 адамга жеткинин билдирди. Аталган комитет бул көрсөткүчтүн 17 807си мамлекеттик кызматкерлер (40 пайызы аялдар) экенин тастыктаган. Ал эми жергиликтүү органдардагы 9 906 кызматкердин үчтөн бир бөлүгүн аялдар түзөт. Бул көрсөткүчкө куралудуу күчтөрдүн катарын толуктаган мекемелердин кызматкерлери кошулган эмес.

2018-жылдын май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон мамлекеттик органдарды оптимизациялоо боюнча токтомго ылайык, кызматкерлердин саны 1,5 миңге кыскармак. Мунун канчасы кыскарганы такталган жок.