Кытайдын Сиань шаарында өтүп жактан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков алтын медаль тагынды. Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта өзбек балбаны Жахонгир Турдиев менен финалга чыгып, аны 3:2 упай эсебинде жеңди. Ал буга чейин казакстандык Алимхан Сыздыковду, ирандык Махди Аббасты утуп, финалга чыккан.

Жусупбеков ушуну менен курама командага жетинчи байгени алып келип жатат.