Балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагылар арасында Коло үчүн күрөштө казакстандык Ирина Казюлинаны 10:0 эсеби менен утуп алды.

Ушул тапта Кытайда күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты болуп жатат. Ал 21-апрелде башталган, эми 28инде жыйынтыкталмакчы.