Кечээ күнү 69 жаштагы Перунун мурдагы президенти Алан Гарсиа баш калаа Лимадагы үйүндө өзүн атып салганы маалым болгон. Ал полиция кызматкерлери паракорчулук боюнча иликтөөнүн алкагында аны кармап кетүү үчүн келген өз өмүрүнө кол салган эле. Ал алган жаратынан улам, эсине келбей жатып, каза тапты

Гарсия ооруканага жеткирилгенин, абалы оор экени айтылууда. Экс-президент Бразилиянын «Одебрехт» курулуш компаниясынан пара алган деген айыпталууда. Ал 1985-90-жылдары өзүн улутчул президент катары көрсөткөн болчу. Бирок кийин ал көз каршынан кайтып, либералдык көз карашты карманып калган. 2006-жылы экинчи жолу президенттик кызматка шайланып, өлкөнү 5 жыл башкарган.