Атым Нурпери, Жалал-Абаддан болом, бирок Бишкекте кичинемден бери өстүм. Өзүм жыйырмага жаңы чыксам дагы, сойкулук иш менен үч жылдан бери алек болуп келем, жийиркенем, бирок айлам жок… Үч жыл мурун кадимкидей эле мектепте жакшы окуган кыз элем. Апам дагы, атам дагы тирүү, бир иним бар. Үйдүн жалгыз, тун кызы болгондуктан эрке өстүм. Иним болсо дагы, ал эркек болгондуктан ага карабай эркелетишчү. Кыскасы жашоом жакшы эле болчу… Мектепте Карина аттуу дос кызым бар эле, орус болгондуктанбы же кандай билбейм, бат эле чоң балдар менен сүйлөшүп, кээде мектеп алдында өбүшүп туруп калганын көрчүмүн. Ал жөн эле ойноп жүрөт деп, кылыктарына көңүл бөлбөй дос болуп жүрө бердим. Сабактан кийин парктарга барып, балдар менен таанышып, көп ойноп-күлүп калдык. Он жетиге толгондо, Карина туулган күндү клубда өткөзүүнү сунуштады, мен макул болдум. Ата-энеме жөн эле кафеде болобуз десем, акчаны кенен беришти, кыздарыңа уят болбой жакшы өткөр деп. Бишкектин борборундагы бир клубга келсек, ал жакта Каринанын достору бар экен, туулган күнүң экен “мы угащаем” деп столго чакырышты. Жаман оюм жок алар менен бирге отуруп калдык. Карина дароо эле бирөөнүн моюнуна асылып, өбүшүп жатып калды. Балдар Оштон болобуз, Бишкекте бизнес кылып жүрөбүз деп өздөрү жөнүндө айтып тааныштырышты. Алкоголь сунушташканда мен каршы болдум, макул деп, напиток алып келип беришти. Бирок ошол напитокту ичкенден кийин мен өзүмдү жоготтум… Көзүмдү жумуп-ачкандай болдум, бирок клубда эмес, кроватта, таң атканда ойгондум. Башым сынат, турайын десем денемди танка тебелеп кеткендей, алым жок. Айланамда эчким жок, кийимим да жок. Эсиме келе албай, бир топ туруп, анан мени бирөө зордуктап, кыздыгымды алганын түшүндүм. Айланып эле эки-жакты карап кирдим – кайда, кимдикиндемин деп. Эшик бек, ачкыч жок. Бир гана столдун үстүндө кичинекей баракчада кат: ызы-чуу салбай жата тур, биз келебиз, кыңк этсең өлдүң – деп… Жер астын-үстү болуп, магдырап отуруп калдым. Өксүп-өксүп ыйладым, эшикти тепкиледим, терезеден секирип түшөйүн десем 6 кабатта экенмин. Байланышканга эчтеке калтырышпаптыр, душка кирип, муздак суу алдында калчылдап отурдум, жашоом бүттү деп… Кечинде баягы балдар келди. Эмне кылганыңар, милицияга берем десем, бирөөсү телефонун алып чыгып, мени үчөөлөп зордуктап жатышкан видеону көргөздү. Мага эмне беришкенин билбейм, мен аларды өзүм сурангандай болуптурмун. Эгер биздин тилди албасаң, ушул видеону ата-энеңе көргөзөбүз деп коркутушту. Апамдын жүрөгү оорулуу эле, аргасыздан унчукпай кала бердим… Кычыраган машина менен үйгө жеткизип коюшту. Ата-энем урушканда Каринанын үйүндө калып калдым деп калп айттым. Телефонумду кайтарып беришкен, Каринага чалсам өчүк. Эртеси сабакка бармак түгүл, төшөктөн тура албай ооруп жаттым. Эки-үч күндөн кийин мектепке барып эле Каринаны бурчка такадым, эмнеге мени балдарга салып берип койдуң деп. Анын айтымы боюнча аны дагы ошол күнү зордуктап, видеого тартып алышкан экен. Ишене албай турдум, бирок кантип текшерем…

Ошентип күндөр өтө берди, болоор иш болду деп, өзүмө келе баштадым. Бирок баягы балдар мени унутушпаптыр, бир күнү мектептен чыкканда тосуп алышты. Качып кетким келди, бирок бирөөсү дароо видеону эстетти. Бүгүн досубуздун туулган күнү, жаныбызда сендей сулуу кыздар болушу керек, жүрү биз менен деп машинага салып кетишти. Саунага келдик, өгүздөй балдар экен, дагы башка кыздар менен чалчактап жыргап отурушту. Мен эчтеке ичпей-жебей отурсам, коркпой ичип-жей бер, бул жолу эчтеке жок дегенине ишенип, бир стакан сок ичкем, дагы өзүмдү жоготтум… Дагы баягы кроватта ойгондум. Бирок бул жолу жанымда телефон, бираз акча анан кат бар экен. Ал катта: “Сен абдан жактыӊ, биз менен иштеш, сага жалаң “элитный клиент” алып келип турабыз. Эгер макул болбосоң, кечээги саунадагы кылыктарыңды тартып алган видеону интернетке жаябыз” – деп жазылыптыр. Ошол жерден асылып, же уу жутуп, же терезеден секирип өлгүм келди, бирок апамдын оорулуу жүрөгүн эстеп, жан кыйганга колум барбады… Окууну аяктап, экзамендерге даярданып, Каринанын үйүндө калып атам деп, ата-энемди көндүрө баштадым. Башында эки жумада бир жолу, анан жума сайын “элитный клиент” менен жатып, сойкулук иш кыла баштадым. Өгүздөй балдар, өлөйүн деген чалдар, атамдай кишилер келет, кары-жашына карабай тейлейм. Кээбирлери өзүмө жагып, кумар ала баштадым. Бирок кантсе да, бул арам иш, кудай алдында чоң күнөө кылып атам деп, өзүмдү жемелеп, жийиркенип, өлүп калгым келип, аран иштечүмүн. Жеңил жашоого көнүп, тапкан акчамды кайда жоготконумду да билбей калам, ата-энеме мен он сегизге чыктым, өзүнчө жашайм деп бөлүнүп кеткем.

Азыр жыйырмадамын, дагы деле жарыган эчтекке алган жокмун. Бир гана ичкенди, чеккенди,  жакшы өздөштүрүп алдым. Жашмын, сулуумун, бирок жашоомо балта чабылганын эстегенде кара жерге кирип кетким келет, жер катуу…  

                                                                              Нурпери