Түркияда алты кыргызстандык жаран сексуалдык кулчулуктан куткарылгандыгы тууралуу Habertürk сайты кабарлады.

Маалыматта айтылгандай , 16-апрель күнү полиция тинтүү иштеринен кийин , өзбек, казак, кыргыз улутундагы кыздарды сексуалдык кулчулуктан куткарышкан. Ошондой эле акча телефон, мылтык табышкан.

Кармалган кыздардын алтоо кыргыз жарандары экени белгилүү болуп, учурда Анкара шаардык миграциялык департаментине жөнөтүлдү.

Факт боюнча үч түрк жараны кармалып, аларга карата тергөө башталды.