—Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги кайрылуусу жакында боло турган өкмөттүн жылдык отчётун кыйла жеңилдетип койду, бул өкмөт кетпейт дегенди туюндурганы жалпыга эле маалым болуп калды. Бул боюнча кандай ойдосуз?

—Туура, президенттин кайрылуусу боюнча ар кандай көп сөздөр айтылды. Ар ким өз көз караштырын билдирип жатышат. Чынында азыркы өкмөт  башчы силер айткандай кызматтан кетпей калышы мүмкүн. Аракети бар. Биз билбеген да жакшы иштери айтыла элек чыгаар. Буга чейин мындан  жаман өкмөт башчыларды көрдүк го. Бул өкмөттү жок дегенде күзгө чейин калтырышыбыз керек. Бирок начар иштегендерге чара көрүлүшү керек, мисалы Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү министрлерине сын абдан көп болууда. Отчёт учурунда мен да иштебеген министрлерге өз сынымды ачык айтам.

—КСДП фракциясы коалициядан чыксын, коалиция тарасын деген кептер талкууга алынууда. Коалиция тараса, өкмөт да кетиши керек да…

—Туура. КСДП фракциясы өз миссиясын аткарып бүттү да. Коаалициядан чыксын дегенге мен да кошулам. Шайлоочулар добушун фракцияга эмес, партияга беришкен да. Анан партия оппозицияга кетип жатканын расмий жарыялады. Бирок фракция бийликте калып калды. Мындай болбойт да. Коалиция тарасын,  КСДП фракциясы оппозияда калсын. Жаңы коалиция  5 фракциядан түзүлүп,  депутаттардын арасынан өкмөт курамына көбүрөөк кирсе туура болот эле. Себеби, жоопкерчилик жакшыраак болот эле. Элге жолугушууга барсак, элден министрлерден мурун биз тепки жейбиз. Көйгөйдү көп  биз угабыз. Ошон үчүн шайлоодо берилген убадалардын баары болбосо да, көбүн ишке ашыруу үчүн депутаттардын иш билги мыктылары тишелүү кызматтарда иштеши керек. Өкмөттүн курамын деле биз сунуштаган жокпуз. Жогору  жактан бекитип, бизге шайлатып коюп жатышпайбы. Бул жагы да туура эмес. Мурун кайсы бир адам чоң кызматка баратса  “Икрамдын батасын алып келиптир”- дешчү эле. Азыр деле бул маселе жолдо калган жок. Тиешелүү адамдар өз көз караштарына жараша чечип жатышат.

—Соңку суроо болсун. Сиздердин “Өнүгүү-Прогресс” фракцияңар да, партияңар да акыркы учурда абдан начарлап, активдүүлүгү азайып кетти. Лидериңер Бакыт Төрөбаевге “саясый өлүк” болуп калды деп сын айткандар абдан арбын. Аны угуп жатасыздар да. “Өнүгүүнүн” депутаттары ар кимиси өз алдында эле иштеп жаткандай…

—Сиз айткандай деңгээлге түшүп кете элекпиз. Бир топ иштер аткарылып жатат.  Бакыт Төрөбаевге айтылган  сындарга өзү жооп бергени туура болоор. Бирок биздин лидер да эл үчүн аракетин аяган жок. Чоң саясатта абдан такшалып бышты. Менимче, президенттик шайлоодон кийин Төрөбаев катуу стресс алып калды. Ким дос, ким душман экенин да ажырата билип калды деп ойлойм.  Азыр биздин элге жете элек  бир катар жакшы иштерибиз бар. Анын баары убагында айтылат, эл өзүнүн баасын берет. Бир ишти кыскача айтайын, азыр  “Кыргыз сүт” деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, банк азыр бул долбоорду каржылап жатат. Мисалы, дыйкандар көп сүт берчү уйларды уйдун өзүн күрөөгө коюп алса болот. Миллион сомдон 20 миллион сомго чейин алуу маселеси чечилип жатат. Билим берүү тармагын рформалоого багытталган долбоорлор боюнча көп иштер аткарылууда. Жакында бул долбоор боюнча да кенен айтылат. Кыскасы, жасалып жаткан иштерди айтсак, аз эмес.

                                                                        Суроо салган Айбек Шамшыкеев