Чүй облусунун Петровка айылынан бейбаш киосканын сатуучусун сабап салган. Бир мас неме шериги экөө комоктун эшигин тарсылдатат. Аны кармаган аял эшикти ачса тиги мас аны колго чапкан. Тиги аялдын айтымында мас неме аны башка-көзгө койгулап аябай сабайт. Аял жардам сурап кыйкыра баштаганда тиги качып кетет. Жакында сот болуп аялды урган неме 4 жылга шарттуу түрдө кесилген. Аял менин анда доом жок деп жазып берген. Далай зөөкүрлөр накта жазасын албай көппөдүбү!