Үй-бүлөдө кыз баланын тарбиясы менен эркек баланын тарбиясында айырмачылыктар бар.Айрыкча кызды тарбиялоо ата-эне үчүн зергердин ишиндей эле.Алар тарабынан кызына карата туура эмес жасалган мамиле, атүгүл туура эмес айтылган фраза кичинекей периштенин тагдырына таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
▶Андыктан төмөнкүдөй катачылыктарды кетирбеңиз.
✔1-жаңылыштык: Кызына курбу болуу
Бир жагынан алып караганда бул жакшы, анткени кыз энесине ишенет, өзүнүн сезимдерин, ички ойлорун ачык айтып берет.Экинчи жагынан алып караганда, эгерде сиз такай өзүңүздүн маселелериңизди кызыңызга айтып, андан кеңеш сурай бергенде ал сизди өзүнүн коргоочусу катары сезе албайт.Ансыз деле көйгөйлөрүңүз көп экенин көрүп туруп сизди ашыкча сарсанаа кылбайын деп өзүнүн маселелерин ачык айтуудан жазгана баштайт.Мындан сырткары, үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болгон учурда атасын жамандаганыңыз кызыңыздын атасы менен болгон мамилесин билинбей солгундата берет.
❓Бул эмнеге алып барат? Кыз эрте чоңоюп, турмуштун жоопкерчилигин тартканга эрте аралашат. Энеси үчүн таяныч болуп жашоонун ар кандай жагымсыздыктарынан аны коргоого аракет кылат. Мындан улам жалгыз калса эле апасы бир нерсе болчудай болуп жанынан чыга албайт. Бул болсо өзүнүн үй-бүлө куруусуна терс таасирин тийгизет.
❓Эмне кылуу керек? Кызыңыз менен курбу болуу – бул албетте жакшы.Бирок бардык нерсенин чеги менен болгону жакшы.Ортодогу курбулук мамиле сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн эмес, кызыңыздын кызыкчылыгы үчүн түзүлсүн.
✔2-жаңылыштык: Эркек баланын ордун толтурууга аракет кылуу
Ата-эне эркек каалап, бирок кыз төрөлүп калган учурлар көп болот. Мындай учурда айрымдар кызын эркекче кийинтип, спорттун эркектерге тиешелүү түрлөрүнө кызыктырышат. Атасы балык уулоого, аңчылыкка ээрчитип чыгат. Ал эми ыйлоого, арызданууга тыюу салышат.
❓Бул эмнеге алып барат? Кыз ата-энесинин сүйүүсүнө ээ болууга аракет кылып, эркек эмес, кыз болуп төрөлүп калганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип чоңоёт .

2-бөлүк.Чоңойгондо болсо карьерада ийгиликке жетиши мүмкүн, бирок бактылуу үй-бүлө курууда аксап калат.
❓Эмне кылуу керек? Кыз бала куурчак ойноп чоңоюуга тийиш. Аны мындай бактылуу балалыгынан айрыбаңыз. Убактысын кандай өткөргүсү келип жатканына кызыгыңыз. Балким балык уулоого эмес, паркка баргысы келер.
✔3-жаңылыштык: Көп түйшүк артуу
Албетте, кыз бала келечектеги эне, кожойке. Андыктан ага үй тиричилигин үйрөтүү ар бир эненин милдети. Бирок айрым энелер кыздарын эрте эле түйшүккө аралаштырып алышат. Алы жетпеген жумуштарды жасатып, өзүнөн кичүү бөбөктөрүн каратып өзү жоопкерчиликтүү болгон иштерди секелек курактагы кызына үйүп коёт. Бул курактагы кыздардын өз кызыкчылыктары болот: окуу, ийримдер, достору менен баарлашуу, бий менен, спорт менен машыгуу ж.б. Кызыңыз сизге жардам берүү менен жогорудагы нерселер менен алектенбей калбоосу керек.
❓Бул эмнеге алып барат? Кызыңыз үй тиричилигинен тажап, чоңойгондо кылгысы келбей калышы мүмкүн. Ал эми бала кароо көңүлүнө тийген кыздын келечекте эне болуу каалоосу жоголот.
❓Эмне кылуу керек? Кызыңыздын көп убактысын өз иштери менен алек болууга бөлүп, аз убактысын бала кароого, жумуш жасоого бөлүштүрүңүз. Кичинекей балаңыздын шоктугу, кийимдерин кирдеткени, үйдөгү буюмдарды бүлүндүргөнү үчүн чоң кызыңызды күнөөлөбөңүз.
✔4-жаңылыштык: Кыздан тил алчаак, созулчаак болууну талап кылуу
“Кыз деген ушундай болуш керек” деген талапты көпчүлүк ата-энелер кыздарына коюшат.Албетте, кызынын тил алчаак, созулчаак болгону өздөрүнө абдан ыңгайлуу.Жумшаган жагына “кың” дебей жөнөйт, каяша айтпайт, жумуштун баарын жасайт…
❓Бул эмнеге алып барат? Кыз өзүнө тиешелүү чийиндин ичинде жүрүүгө көнүп алат. Чоң жашоодо жаралган маселелерин чечүүнүн ордуна физикалык жана психологиялык ыңгайсыздыктарга чыдап жүрө берүүнү ылайык көрөт.
❓Эмне кылуу керек? Кызыңызга өз оюн ачык айтууну үйрөтүңүз, эмне каалап жатканына маани бериңиз.

5-жанылыштык: Атасынын аз көңүл буруусу
Айрым үй-бүлөлөрдө кызды тарбиялоо эненин милдети деген жаңылыштык ой менен атасы кызына көңүл бурбайт, аны эркелетпейт, сүйлөшпөйт.
❓Бул эмнеге алып барат? Өз атасы да көңүл бурбай жаткандан кийин кыз өзүн эркектер үчүн жагымсызмын деп эсептейт.Чоңойгондо эркектин сүйүүсүнө ээ болуу үчүн өзүнүн баркын түшүрүүгө чейин барышы мүмкүн.Мындан тышкары тойбой калган атанын мээримин башкалардан издеп, өзүнөн бир топ улуу адамга турмушка чыгууга макул болот.
❓Эмне кылуу керек? Ата кызы менен күнүнө жок дегенде 15 мүнөттөн убактысын чогуу өткөрүүгө тийиш. Бул мультфильм көрүү же үй тапшырмасын текшерүү эмес, жылуу баарлашуу, кучакташуу болсун. Ата-энеси көп кучактаган бала стрессти оңой жеңет. Андыктан кызыңыз менен байланышыңызды жоготпоңуз.
✔6-жаңылыштык: Атасын жамандоо
Айрыкча жалгыз бой айымдар кызына атасы тууралуу жаман пикир калтырышат. Ага кошуп “эркектин баары акмак” деп башка эркектерге да сөз тийгизет.
❓Бул эмнеге алып барат? Апасынан мындай сөздөрдү көп угуп чоңойгон кызда “эркектер аялдардын тагдырын талкалаш үчүн жаралган” деген түшүнүк калыптанып калат. Эркектерге болгон жек көрүү пайда болот. Натыйжада, кыз турмушка чыккысы келбейт.
❓Эмне кылуу керек? Макул, жолдошуңуз чыныгы акмак болсун, бирок мында кызыңыздын күнөөсү жок да. Андыктан кызыңыздын атасы ичкич болобу, кызыл камчы болобу, башка болобу, аны эч качан өз кызына жамандабаңыз.
✔7-жаңылыштык: Кызды мактабоо
Кызынын сырткы кемчилигин баса белгилеп, ал тууралуу дайыма айтып турган энелер бар.
❓Бул эмнеге алып барат? Өзүнүн сырткы келбетинен кемсинүү кызда айрыкча өткөөл куракта өзүнө ишенбөөчүлүктү жаратат. Мындай сапаты келечекте жар тандоодо жана карьера жасоодо тоскоолдук кылат.
❓Эмне кылуу керек? Мейли, бетинде сепкили болуп көзү бүтүк болсун, мейли толук болсун, сиздин кызыңыз – сиз үчүн ааламда жок сулуу периште. Муну мүмкүн болушунча көп кайталап жадыбалдай эле аң-сезимине сиңиришиңиз керек.

Ал эми ал периштеңизге табит менен жарашыктуу кийинүүнү, өзүн кароону, таза жана тыкан болууну үйрөтүү сиздин милдетиңиз.
✔8-жаңылыштык: Өтө катуу тартипте кармоо
Кыз баланы катуу кармаш керек деген жаңылыш ойдо болушат айрымдар. Андан улам бир кадам үйдөн алыс чыгарбай ата-эне өздөрү чийип берген чийиндин ичинде кармашат. Көп урушуп, атүгүл кол көтөргөнгө чейин барышат.
❓Бул эмнеге алып барат? Өтө катуу тарбияда чоңойгон кыздар кээде ата-энесинин карамагынан чыккандан кийин өтө эле эркиндикти самап жаман жолго түшүп кетишет.Ал эми ата-энеси, айрыкча атасы урган болсо өзүн башкалардан төмөн сезип чоңоёт.Көп учурда кызыл камчы күйөөгө туш болушат да, күйөөсүнүн кол көтөргөнүнө арызданбайт.Анткени баары бир өзүн эч ким укпасын билет.
❓Эмне кылуу керек? Кыз балага кол көтөргөн болбойт.Анын ордуна түшүндүрүп сөз менен айтып, кыз баланы чоңойтууда өтө катуу да эмес, эркин да эмес орточо тарбияны колдонуңуз.

Булак: lady__kg