Майлуу-Суу шаарында 18-февралда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 16 жаштагы Камила Абдубаитованын денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, Камиланын денеси эртең, 15-апрелде жерге берилет.

«Өкүнүчтүү, карындашымдын жансыз денеси бүгүн, 14-апрель күнү табылды. Эртең менен үйдө отурсам адырда мал кайтарып жүргөн досум байланышып, кызыл түстөгү бир нерсе жатканын айтты. Барып карасам карындашым экен. Учурда сөөк Майлуу-Суу шаардык ооруканасынын сөөк сактоочу жайында. Эртең Жалал-Абаддан соттук-медициналык экспертизадан адамдар келип, сөөктү тазалап, жууп, ороп бизге өткөрүп беришмей болду. Акыркы сапарга узатууну эртең түштөн кийинкиге белгиледик», — деди алар.

Камиланын дайынсыз кетип калуусуна үй-бүлөсү аны ымыркай кезинде багып алышкандыгын билип калгандыгы себеп болгон.

«Биз аны жашырып, качан 18 жашка чыгып, өткөөл мезгилден өткөндөн кийин айтабыз деп жүргөнбүз. Бирок ал жөнүндө мектептен билип калып, капаланып, ыйлап жүргөн. Мындай кыларын эч кимибиз күткөн эмеспиз. Азыр баарыбыз кайгырып жатабыз», — деди туугандары.
Булак:тurmush.kg